Домой Тагдыр «Кара-Жыгач» конушунда 9 жашар бала асынып алган абалда табылды

«Кара-Жыгач» конушунда 9 жашар бала асынып алган абалда табылды

13

Бишкектин «Кара-Жыгач» жаңы конушунда 9 жашар бала асынып алды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-ноябрь түнү жаңы конуштагы үйлөрдүн биринен 2012-жылы туулган баланын сөөгү табылган. Баланын апасы кошунасына чыгып кетип, кайра келгенде баласын асынып алганын көргөн.

Учурда иштин бардык жагдайлары такталууда. Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.