Домой Мыйзам УКМК депутаттыкка талапкер Жаныбек Абировду суракка чакыртты

УКМК депутаттыкка талапкер Жаныбек Абировду суракка чакыртты

42

Бишкек шаарынын Ленин районунан бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына 19-ноябрда суракка чакырылды.

Өзүнүн айтымында, ал «жашы жете электерди үгүт иштерине колдонгон» -деп шек саналууда.

Бир күн мурда «Фейсбуктун» колдонуучулары Абировдун командасында иштеген кыздардын сүрөтүн жарыялап, «жашы жете электерди үгүт иштерине аралашкандыгы үчүн» УКМК көңүл бурушу керектигин жазышкан.

Абиров анын командасынын ар бир мүчөсү 18 жаштан өткөнүн, патент менен иштеп жатышканын, муну далилдеп бере аларын билдирди.

УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.