Домой Коом Каныбек Иманалиев Ыссык-Көл аксакалдарына кайрылып, Садыр Жапаровду Көлгө чакырып алышын суранды. 

Каныбек Иманалиев Ыссык-Көл аксакалдарына кайрылып, Садыр Жапаровду Көлгө чакырып алышын суранды. 

427

Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев Садыр Жапаровду Өлкө башчылык кызматка татыксыз экендигин, ал үчүн бир нече жолду басып өтүшү керектигин айтты.

“Эч ким келип эле өлкөнү башкарып калган эмес. Мисалы Исхак Раззаков Москвада окуп келип, эмгек жолун эң жөнөкөй кызматтан баштаган. Андан кийинки башчылардын бардыгы өсүп олтуруп, көтөрүлүп олтуруп анан президенттикке келген. А Садыр Жапаров дене тарбия мугалими адистигин да толук бүткөн эмес”,-деди Иманалиев.

Ал Ыссык-Көл аксакалдарына кайрылып, Садыр Жапаровду Көлгө чакырып алышын суранды.

“Урматтуу Ысык-Көлдүн аксакалдары! Мен өзүм Ысык-Көлдүн жээни болом. Ысык-Көл кыргыздын бермети. Сөз касиетин барктаган эл. Тилекмат аке, Кыдыр аке, Мойт акелер эч убакта картайбаган акылдын кенчи. Ысык-Көл дүйнөгө ошол адамдар менен таанылган. Мен Ысык-Көлдүк Ишенбай Абдразаковдун окуучусумун, кол алдында иштегем. Атаганат, ошол адам тирүү болгондо мамлекет башчы болсун деп чыкмакмын. Көлдүн улуу интеллигенциясы Аманбаев, Чолпонбаев, Усуп Мукамбаев бирок Садыр Жапаров эмес. Ысык-Көлдүн аксакалдары айланайын, бул тентек балаңар элди укпай жатат. Балким силерди угаар. Чакырбайсыңарбы, көлгө алып кетпейсиңерби! 2 жыл губернатор болуп иштесин. Өссүн, өнүксүн. Анан келип өкмөт башчы болсун. Натыйжада даяр болуп келсин”,-деди Каныбек Иманалиев.


Бүгүн, 24-ноябрда Президенттикке талапкерлер пресс-конферения өткөрүп жатышат. Алар Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Садык Шер-Нияз, Токтайым Уметалиева, Кубанычбек Токтосунов, Бактыбек Жумабеков жана Каныбек Иманалиев.

Талапкерлер жыйында шайлоого даярдыктар мыйзамсыз жүрүп жаткандыгын, талапкерлердин укугу бузулуп жаткандыгын айтышты.