Домой Коом Президенттике талапкерлер Садыр Жапаровго болгон нааразычылыктарын билдиришүүдө

Президенттике талапкерлер Садыр Жапаровго болгон нааразычылыктарын билдиришүүдө

196

Бүгүн, 24-ноябрда Президенттикке талапкерлер пресс-конференция өкөрүп жатышат. Алар Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Садык Шер-Нияз, Токтайым Уметалиева, Кубанычбек Токтосунов, Бактыбек Жумабеков жана Каныбек Иманалиев.

Талапкерлер жыйында шайлоого даярдыктар мыйзамсыз жүрүп жаткандыгын, талапкерлердин укугу бузулуп жаткандыгын айтышты.

“Садыр Жапаров шайлоого жөнөкөй жаран катары бара турган болгон. Бирок азыр резиденцияда жашап жатат”,-деди Клара Сооронкулова.

Президенттикке талапкер Садык Шер-Нияз болсо Садыр Жапаровдун билдирүүсү боюнча төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

“Анын маегиндеги сөздөр элди экиге бөлүүгө алып келет. Билдирүүнү карап көрүп арасында бири-бирине туура келбеген сөздөр болгонун көрдүм. Бирок элге берген таасири “менин командам жакшы калгандары мага бут тоскон бузукулар” дегендей болуп жатат. Мындай сөздөр элди экиге бөлүшү мүмкүн. Биз акыйкаттыкты, калыстыкты айтып турушубуз керек. Ошол эле Өмүрбек Текебаевди Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып жазып алган деп тастыкталбаган маалыматты айтты. Текебаев Маевскийден 1 миллиион доллар алган дегени туура эмес”, – деди ал.

Ошондой эле ал Президенттикке талапкерлер абайлап сүйлөп, ар бир билдирүүсүндө акыйкатты, чындыкты калыс айтып турушуз керек экендигин кошумчалады.