Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду.
Бул тууралуу «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирип, маалыматты акыйкатчы Токон Мамытов ырастады.
Анын сөзү боюнча, Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) 25-июлда маалымат келген.
«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын дагы кошумча маалыматтарды алып жатабыз. Эми Аскаров эмненин негизинде каза болгону тууралуу медициналык кароонун жыйынтыгын күтүшүбүз керек», — деди Мамытов.
Жаза аткаруу кызматы укук коргоочунун өлүмү тууралуу маалымат бере элек.
№19 абакта отурган Азимжан Аскаровду «Тез жардам» кызматы 24-июлда №47 абакка жеткирген.
Булак: Азаттык