Пандемия учурунда Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов тууралуу сөз деле болбой калган. Шайлоонун шайтан оюндары башталгандай. Мелис мырза бир кезде азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков губернатор кезинде мамилеси начар болгондугун айтып келишет. Бир кезде Мырзакматов Оштун кожойуну менмин деп турганда көпчүлүгү аны колдоп, губернаторду жактырышчу эмес дешет. Жээнбековду Мырзакматовдун тарапташтары бир топ кодулашканы да белгилүү. Андан көп узабай Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, чет өлкөгө качууга аргасыз болгон. Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Түркия мамлекетеине иш сапары менен барган. Мырзакматов ага жолуккусу келип Жээнбеков жайгашкан мейманканага барып, бирок көпкө чейин күтүп менен максатына жеткен эмес.
Мырзакматов азыркы учурда бийликке каршы күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген кептер тароодо. Эгерде Мырзакматов өзүнүн электоратын, каражат мүмкүнчүлүгүн жумшаса бийликтин партияларын бир топ алсыздантат дегендер дагы жок эмес. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт”- демекчи, бул кептер жөн жеринен чыкпаса керек.
Булак: Аргумент