Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон бөлүгүнүн расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы боюнча шектелип жаткандарга айыптоо актылары расмий тапшырылганын билдирди.
Ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына жазганына караганда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 491 беттен турган айыптоо корутундусун бекитти.
Жолдубаеванын айтымында, айыптоолордун баары “бир тараптуу, далил базасы жок жана оозеки айтылгандарга негизделген”.
Айыпталуучулардын тизмеси 14 адамдан турат. Алар: Атамбаев Алмазбек, Ниязов Фарид, Жээнбеков Равшан, Карамушкина Ирина, Кодуранова Асель, Жолдубаева Кундуз, Сагымбаев Канат, Мискенбаев Мээрбек, Баабиев Фархат, Осмоналиев Канат, Карыпбек уулу Рыспек, Шаманов Марат, Капарбек уулу Нооруз жана Какебаев Асангелди.
Тергөө менен кызматташууга макул болгондордун иши, Жолдубаева кошумчалагандай, өзүнчө өндүрүшкө алынды.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Бул окуядан кийин Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.
Башкы прокуратура топтолгон материалдардын негизинде факт Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган.
Башкы көзөмөл органы Жолдубаеванын айыптоо актылары тапшырылганы тууралуу билдирүүсү боюнча маалымат бере элек.
Булак: Азаттык