Домой Тагдыр АТАМ МЕНЕН АПАМДЫН ҮСТҮНӨ АК ЖААП ЖАТКАНДАРЫН КӨРҮП, ӨЗҮМДҮ ЖОГОТТУМ…

АТАМ МЕНЕН АПАМДЫН ҮСТҮНӨ АК ЖААП ЖАТКАНДАРЫН КӨРҮП, ӨЗҮМДҮ ЖОГОТТУМ…

79

Бүгүн карындашым турмуш жолуна узап баратат. Байкушум мени жалгыз калтыргысы келбей ыйлап-ыйлап, көз жашын көлдөтүп турмуш жолуна аттанып кете берди. Алар кеткен соң Аскат досум экөөбүз жол карап көпкө турдук. Үйгө кирип жалгызсырап, үйүмдүн бир бурчунда мостойуп отуруп калдым. Ичим ачышып, жүрөгүм бырчаланып турду. Аскат тойдон калган аштан салып келгени очок боюна кеткен эле. А мен эрдимди катуу тиштеп, акырын чөнтөгүмдөн качанкы он сомду алып чыгып, ага карап отуруп, чыдабай көзүмө жаш кылгырды.  

 Ал кезде Жазгүл карындашым 13 жашта эле. Мен он беш жашта, эми эле тогузунчу класска аттангам. Мектепке барып, кайра үйгө келатсам үйүбүздө көп адамдар жүрүшүптүр. “Той болуп жатат окшойт” деп алыстан чуркап, үйгө жакындаган сайын адамдардын ыйы угула баштады. Чуркабастан жай басып калдым. Карындашым мени көрдү да, мага карай чуркап ыйлап келатты. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым. Анын артынан адамдар чыгышып, тык токтошту. Жазгүлдүн алдына отура калып, шашкалактап сурай баштадым:

–Эмне болду? Ким урушту?
–Апам өлүп калды,-деп ого бетер чыңырып ыйлап жиберди.

Жаным чыгып кетчүүдөй болуп чуркап жөнөдүм. Көчөдө турган кишилер баса калып кармашып, колдорумдан тарткылап, үйгө киргизишкен жок. Тыбырчылап мен да ыйлап, жулкунуп жатып тээ алыста атам менен апамдын үстүнө ак жаап жаткандарын көрүп, өзүмдү жоготуп койдум…
Көзүмдү ачсам үйдө аялдар ыйы, кошок ыры жаңырып жатыптыр. Алдымда карындашым тизелеп туруп алып, менин ойгонушумду күтүп, көз жашын мөлтүлдөтүп отурган экен. Ордумдан туруп эле аны бекем кучактап алып ушунчалык шолоктоп ыйладым. Эрте менен эле апам жакамды оңдоп, башымдан сылап…

–Жакшы окугун балам, жакшы окусаң бизди, карындашыңды багасың. Бүгүн да беш алып келгин макулбу? Жазгүлгө сабактарынан жардамдашкын,-деп кеңешин айтты эле.

–Макул,-деп баратсам, атам колуна арасын көтөрүп келатып чөнтөгүн чукулап, он сом алып чыкты да:

–Алагой балам, беш сомун Жазгүлгө бер, беш сомун өзүң бирдеме алып жегин, макулбу?-деди да, акчасын мага карматты.
Алар тууганыбыздын үйүнө тойго баратышып, жолдон автокырсыктан мерт кетишиптир. Ошондон бери ал он сомду тумардай бекем сактап келем. Ошол күндөн тарта карындашым экөөбүз бири-бирибизге караан болдук… “Эми кагылайыным бактылуу бол. Бул дүйнөдөгү сенин бактың мен үчүн баарынан баалуу…” деп күбүрөндүм.

Азиз Алибек

Aryba.kg