Домой Маек Жээнбеков актап салган Конгантиевдин иши кайра каралабы? Ташиев «акесин» кылаткка иле алабы?

Жээнбеков актап салган Конгантиевдин иши кайра каралабы? Ташиев «акесин» кылаткка иле алабы?

193

7-апрель  революциясынын  келип чыгышына себепкер болгон кыргыздын элге кыянаттык кылган  «кыйын чыкма» генералы Молдомуса   Конгантиев деген эргулду Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо жетелеп жүрүп, андан көп өтпөй апакай кылып актатып салган. Эл нааразы болуп, катуу сындап чыкканда, кылмыш ишин кайра жандантымыш этип, бир аз унуткарып барып кайра толугу менен соттор акрылуу актатып койгон эле. Конгонтиевди коргогон Жээнбеков элге жек көрүнүп, тактыдан кулады. Бийликтин эки тизгин, бир чылбырынын ээси боло турган Садыр Жапаров жана анын Ташиев баштаган достору Конгантиевге эми кандай мамиле кылышат. Соттор туура эмес актаганын эл жакшы билет. Же көздү жумуп, жабылуу аякты, жабылуу бойдон калтырышабы? Бул жагын убакыт көрсөтөөр…. Баса, УКМКнын төрагасы Камчыке Ташиев,  «Конго акесине» жердеш инисине ызааты болсо керек эле. Бул жагы да таасир этип калышы мүмүкүн, иттики… Бирок Камчыке, жакшы, таза иштеп баарына үлгүрө турган болсо аклерине карабай, элге кыянаттык кылгандардын баарын кылтакка илиши зарыл…