18 жашымда турмушка чыккам. Бир жыл жашадым, кайненем баласын кызганып атып, акыры ажыраштырып тынды. Бирок турмушка чыгып, ажырашкандан кийин өз үйүңө деле батпай калат экенсиң. “Бекер жеп жатасың” дегендей болушат. “Иштеп кетип калайын” десем, эч жакка чыгарышпайт. Мага ишенишпейт. Кемсине берип жашагым келбей калды. Акыры бүгүн эмне кылышымды билбей белизна ичким келди. Жек көргөн көз караштардан тажадым. Жашагым келбей баратам. Тагдырыма таарынам… Эмне кылам? Кетүүгө камынсам эле уруп-сабап киришет, кеңеш бериңиздерчи? Кантип мындай күндөрдөн кутулам?..
Бурул А.
Aryba.kg