БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов менен учкай баарлашып, күтүүсүз жообуна күбө болдум. Бул саам чечкиндүү кадам таштады…
— Бул бийликтин жолу катуу болуп калды. Мамлекеттин келечеги коркунучта. Андыктан, КСДПнын эски, таза, карапайым мүчөлөрүн бириктирип, ошого катар тилектештердин да башын кошуп, күздөгү парламенттик шайлоого барам. Оппозицияга кеттим! — деп кесе жооп берди.
“Азия Ньюстун” кийинки сандарына кенен маек алууну сүйлөштүм.
Асланбек Сартбаев
«Азия Ньюс» гезити