Күн сууктап калганына карабастан үч күн мурда баштагылардан өзгөчө митинг болуп өттү. Албетте, бул митингдин жаралышына “Азаттыктын” чуулгандуу маалыматы башкы себепкер болгонун айта кетели. Мындай, тигиндей деген тирешүүлөргө карабастан бул ирет ынанымдуу фактыларга туш болгонубуз ырас. Чынында мажирөө күч түзүмдөрүнө салыштырмалуу журналисттер кыйла үстөмдүк кылганы маанилүү болду десек болот. Негизи акыркы мезгилде былгыган көмүскө нерселерди журналисттер алып жатканы жалпыга маалым.
Башкы аянттагы митингдин талабы-“Матрстанга” каршылык экенин коомчулук билди. Азгантай адамдар гана бул чечимди көңүлгө алгысы келбегени байкалып калды. Чамасы алган “шыбагаларын” актагысы келип жатышкан шекилди. Бул турмушта адал менен арам, жакшы менен жаман, акылдуу менен айбан жанаша жүрөрүн эсепке алганда азыр баары эле өзүмчүл эмес экени көрүндү. Айрыкча арты булгана элек жаштар ушул жолу басымдуулук кылганы ачык баамдалды. Демек, элдин ырыскысын жегендерге мындан ары катуу сокку берилерин деле кыстарып коелу. Мейли, бийликтин укуругу узун дейли, бирок, күнөөсүз, калыстыкты талап кылган, ууруларды жок кылууга каршылык көрсөткөн бүткүл журтчулукту камап салуу мүмкүн эмес. Жалгыз эле Матраимовдордун үй-бүлөөсү шайлоолордо “ак эмгек” өтөгөн эместигине баарыбыз күбөбүз. Ошонун эсебинен алар чириген байга айланганы да калппы? Алардын колу Американы, Туркияны, Канар аралдарын мыкчыганына карапайым калк “күнөөлүүбү”.
Эмне үчүн коррупцияга жамынып ондогон лөктөрдү камашты да, ушул Раимге келгенде “тормуз” тебилди деген суроонун жообу так. Анткени май кармаган бала сүймөнчүктүү болот. Эгерде элдин эскертүүсүн тоотпой, реакция жасабай, Матраимовдорду калкалай берсе бийлик өз башына балээни үйүп алат. Демек, жаңы терминге ээ болгон “Матрстан” өз ишине жараша баасын алышы кажет. Тандалма кылып күрөш жүргүзүүнүн аягы кооптуу экенин жүрөгү түшсө деле айта кетпесек болбостур. Кепти убагында узатпасак, түштөн кийин кеч болуп калат. Ал эми эч кимди өзүнө теңебеген байлардын арыгын чапкандардын бетине баары бир эртеңби, же бүрсүгүнүбү көлөкө түшөөрүн бөркүбүздөй эле көрүп турабыз, же мунун жалганы барбы?
Булак: Ачык сөз