Домой Саясат Этекке жамынганды куп үйрөнгөн кишиге кызмат берилди

Этекке жамынганды куп үйрөнгөн кишиге кызмат берилди

72

Мурдагы кеткен бийликтин быкыйын чукугандардын эмгеги текке кетпесин баамдап эле жатабыз. Бакырчаак “төөнүн” ролунда мыкты ойногондор майлуу кызматтарды ээлешти. Кээ бири элчи болду, айрымдарына академияны беришти, майдалары акимдин орун басарлыгын басып жыгылды. Эмнеси болсо да кадрларды тандоого абдан катуу маани берилип жатат десек болот, чиркин!

Арийне, кызмат дегенде эт-бетинен кеткендер унутта калбаганы өкүнөрлүк көрүнүш дечи. Тилекке каршы бийликтин чокусундагылар тескерисинче көрөгөчтүгүнө, калыстыгына эмес кошоматчылыгына карап маселени чечип жатышпайбы? Ток этерин айтканда башында Отунбаеванын этегинин алдына кирип жылуу жай тапкан Эмилбек Каптагаевдин кайсыл берекелүү ийгилиги үчүн өкмөт кызмат берди? Болгону бирдемке мурунга илинеби деп амал издегени үчүнбү? Балким көз карашын, адамдык сапатын тез алмаштыра салганы үчүн улуттук стратегиялык изилдөөлөргө жетекчи кылгандыр? Айтор, берилген суроого жооп жок. Кетер алдында Эмикенин мээнетин актап койсом болоттур деген өкмөт башчы Абылгазиевдин ручкеси тайгаланып кетип буйрукка кол койгону даана билинип турат. Ал эми Каптагаев болсо эмнени изилдеп, кандай стратегиялык кадамдарды жасаарына саресеп салсак деле балээ да чыкпайт. Кайра эле шыбамай, жагынмай адатын кармата берери калетсиз. Антпесе ичкен тамагы аш болбой калат. Кадр маселеси бизде ушундай кымтыкей жолдор менен жүзөгө ашарын билип койгула?

Булак: Ачык сөз