Домой Саясат Илмияновдун ишинде жабырлануучунун видеокөрсөтмөсү көрүлдү

Илмияновдун ишинде жабырлануучунун видеокөрсөтмөсү көрүлдү

19

Бишкектин Октябрь райондук сотунда бүгүн, 9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши каралып жатат.

Илмияновдун жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев соттук отурумда жабырлануучу, «Дизел комплект» ишканасынын жетекчиси Николай Грамовичтин видеожазуу аркылуу берген көрсөтмөсү көрүлгөнүн айтты. Ал өзү сотко келген эмес.

АКИpress сайты Грамович көрсөтмөсүндө «Дизел комплект» Бишкекке оор жүк ташуу менен алектенип келгенин, 2017-жылы документ иштеринде маселе чыгып, жүктөрү кармалып калганын айтканын жазды. Өзбекстанга багытталган жүк кармалып, өзү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) чакыртылганын билдирген. Андан соң Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен жолукканын жана козголгон иштин алкагында бюджетке баш-аягы 16 млн. сом айып төлөгөнүн айткан.

— Ишти президенттин жакын адамы, айдоочусу аркылуу жабууга мүмкүн болду. Кийин ал Илмиянов экени белгилүү болду. Акчаны бергенде мен жана«Дизел комплекттин» Бишкектеги бөлүмүнүн жетекчиси Асел Чымырбаева бар болчу. Акчаны таңгактап, кара сумке менен бергенбиз, — дейт Грамович.

Икрамжан Илмияновдун ири суммада акчаны алганы тууралуу «Дизел комплект» компаниясы УКМКга арызданганы 2018-жылдын октябрь айында белгилүү болгон.

«Шоопур» деген каймана ат менен элге таанылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.