Бир кездери Бабанов баштарын бириктирип, бир билектин, бир тилектин астында чыгып,кыска аралыкта акча күчү менен калк арасында “аброй” жыйнаган, алтургай алдынкылардан болуп парламентке “Республика” партиясы менен келген Исаев, Төрөбаев, Сулаймановдорду баарыңыздар эле билсеңиздер керек. Парламентке баш багып алып, ар бири бирден партия түптөп, алтынчы чакырылышта да ийгилик жылмайып,бакыйган партлидер
болуп олтурушат.2020-жылы болтурган парламенттик шайлоого да үчөө тең “чабал өрдөк эрте учат” болуп,бара тургандыгын эртелеп билдиришип, элирип турган убагы. Кийинкиде ийгилик жылмаябы же ээрден көчүк кыйшаябы аны убакыт көргөзөр.
Булак: «Факты.кж»