Домой Шайлоо 2020 Эртелеп үгүт иштерин баштап алган партияларга БШК чара көрөбү?

Эртелеп үгүт иштерин баштап алган партияларга БШК чара көрөбү?

1053

Парламентке келе электе эле мыйзам бузууларды жасап жаткан айрым саясий партиялардын парламентке келип алгандан кийин кандай ишмердүүлүк жүргүзөөрүнө көз жетпей кетет. Мыйзам чыгаруучу бийлик бутагына барууну көздөп жаткан партиялар биринчи кезекте өздөрү өзгөлөргө үлгү болушу керек эле го.

Айтайын дегенибиз мындай, азыркы тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында эле партиялардын аттары жазылган баннерлер пайда болду. Кайсы бирлеринде партиянын штабы деп көрсөтүлүп турса, ал эми көчө бойлорундагы көрнөк-жарнактар үчүн тургузулган устундарда, жөн эле кафелерде, үйлөрдүн короосунун дубалдарында партиялардын аттары бадырая эле жазылып турат. Аттарын ачык эле атай кетели – «Мекеним Кыргызстан», «Бир Бол», «Мекенчил» деген партиялар.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы тартип боюнча» жобого (7-бөлүм, 73-пункт) ылайык саясий партиялардын кандайдыр бир маалыматтары же материалдары, анын талапкерлери тууралуу маалыматтар эч кайда жарыяланбашы керек. Саясий партиялардын эмблемалары, логтиптери, төш белгилери, желектери да коомчулуктун көз алдында болбошу зарыл.

Качан гана үгүт иштерине уруксат берилген күндөн тарта мындай иш-аракеттерди жасоого мүмкүн. Тактап айтсак, алдыдагы шайлоого карата үгүт иштери 4-сентябрдан башталат. Анан шайлоого 24 саат калгандан тартып бардык үгүт иштери токтотулат.
Муну бардык эле саясий партиялардын лидерлери, өкүлдөрү, маалымат саясат бөлүмү билет. Бирок, эмнеге жогоруда аттары аталган саясий партиялар эртелеп эле үгүт иштерин баштап алышты? Же алар үчүн эч кандай жобо да, мыйзам да иштебейби? Буга Борбордук шайлоо комиссиясы кандай чара колдонот?

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=100658371775881&id=100648441776874