Домой Саясат Депутаттык мандатка умтулган таластык «комбайн» Орозбек Нусувалиев

Депутаттык мандатка умтулган таластык «комбайн» Орозбек Нусувалиев

653

Ушул күздө боло турган шайлоого катыша турган партиялар бетине маска таккан сымал тизмелердин алдынкы орундарына жаш инсандарды кошумуш этип атышат. Бирок жакшылап карасаң, алардын артына жашынгандардын арасында казынаны кемирип жеген, элден чыккан  келемиш чиновниктер кайра эле шайлоого аттанып жатканы байкалат.

Бул жолу биз “Республика” партиясы менен шайлоого аттанган келемиштер тууралуу азын-оолак сөз кылабыз.

Алардын бири — иштеген жеринде жемекейлиги менен улам барган жердин иш жааматы тарабынан жумуштан куулуп жүргөн таластык Орозбек Нусувалиев жөнүндө болмокчу.

Бул шылуун Акаевдин убагында Тойчубек Касымовдун тууганы катарында бир топ майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп, бир топ эле сайраң курган.

Башынан, Токтаалынын уулу Орозбек бажы органында ар кандай кызматтарды аркалап, ишкерлерди кысып отуруп, мамлекетке түшө турган бажы төлөмдөрүн жеп отуруп, бир топ байлык топтогон. Көзү тойбогондугу үчүн, аны кесиптештери «комбайн» деген атка кондурушкан.

2010–жылы, революциядан кийин Тойчубек Касымовдун күйөө баласы Сарпашев аркылуу СДПК партиясынан 38-катардан депутаттыкка кандидат болуп катталып, шайлоого чыккан.

Шылуундугу менен Икрамга жагып, анын бир жерин жалап атып жана бир топ акча берип, 2012-жылы «Бишкек» СЭЗге башкы директор болуп дайындалган.

Барган жерден өз көмөчүнө күл тартып көнгөн адаты менен «Бишкек» эркин экономикалык зонасынын жамааты тарабынан куулуп, андан тышкары 2015-жылы кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен иш козголуп жумушунан четтетилген.

Бирок бат эле, Атамбаевдин сүймөнчүгү Икрам жана жашыл көз Тайыр Сарпашевдин колдоосу менен суудан кургак чыгып, «комбайн» атка конгон Орозбек мырза, «Учкун» мамлекеттик акционердик коомуна жетекчи болуп дайындалат. Көп узакка созулбай, бул жерден да жамааттын жек көрүндүсүнө айланып  жумуштан кеткен. Анткени, кол астында иштеген адамдарга орой, зөөкүр мамиле кылып, жумушчулардын айласын кетирген. Анысы аз келгенсип, ишкананын кассасына беш манжасын салып, ар кандай оңдоо-түздөө жана курулуш иштерине чыгымдарды негизсиз жасай берген. Мисалы, Учкун концернинин имаратына кирип баратканда аянтчанын үстүнө темирден чоң конструкция куруп, күн нурун өткөрбөгөн ыңгайсыз чатыр жасаткан жана буга миллиондогон мамлекеттин акчасын жумшаган. Албетте, ушуга окшогон курулуштарга өзүнүн фирмаларын киргизип, очойгон кирешелерди сол чөнтөгүнө салган.

Типографиядан кеткенден кийин, кайра эле Икрамдын бир жерине кирип атып, жеген акчасынан бөлүшкөндүгү үчүн, аз убакытта «Мүлк» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалат. Бул жерден дагы кандай кеткенин чечмелеп көргүлөчү? Туптуура таптыңыз! Аталган кызматтан дагы бул шылуу чоң «скандал» менен жумушунан бошотулган.

Чынына келгенде, бул «комбайндын» кайсы бир кылыктарын айталы. Бирок, кээ бир фактыларга токтобосок, бул «таптаза» адамды жөн эле каралап атасыңар деп тарапташтары чыгышы мүмкүн.

Мисал келтирсек, Орозбектин «Бишкек» эркин экономикалык зонасындагы капчыгын толтуруу максатында курулуш иштерин жасап баштайт. Курулуп жаткан объекттердин проектиси жоктугу үчүн жана сарптала турган сметалары такталбагандыгы үчүн, Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен аларды кайрадан ондоп чыгууга миллондогон акча каражаттары сарпталган.

2013-жылы «Акчий» аймагына курулган эки кабаттуу 4 батирлүү үй проектиси жок курулуп баштаган, анын проектисин кетээрде 2015-жылы жасаткан. Бирок проектиси менен курулуш бири-бирине шайкеш келбей калып, кайра ондоп чыгууга 1,5 миллонго жакын акча каражаты кеткен.

2014-жылы ВДНХ аймагында ТЭОсу жок 2 км аралыкта канализация жасалган. Бул канализацияга мамлекеттик каражаттан 13 миллион сом коротулган. Элден чогултуп акчаны толуктап коем дегени менен, 2 миллиондон биртке гана ашык акча каражаты толукталган. Бул иш боюнча Үчтамганын Антикоррупциялык кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тапшырма берилип, Эсеп палатасы текшерип чыкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 930 миң сом акча каражаты максатсыз пайдалангандыгы аныкталып, тергөө амалдары башталган.

Мындан тышкары, Нусувалиев кызмат абалынан пайдаланып 2014-жылы өзүнүн жакын досу Алибаев Маалимбектин «Уста-СЭЗ» фирмасына 500 чарчы метр жерди 49 жылга ижарага берген. Айта кетсек, ВДНХ аймагында ишкана ачып, элди жумушчу орун менен камсыз кылууга келген инвесторлорго учурда бир да чарчы метр бош жер жок. Ал эми «Уста-СЭЗ» фирмасы 5 жылдан бери эч нерсе кылбай, акчасын да төлөбөй, бул жерди ээлеп жатат. Бул фирма учурда мамлекетке 100 миң сомдон ашык карызы бар.

Ошондой эле өзүнүн башкы бухгалтери Жылдыз Төлөмүшеванын күйөөсү Абдрахманов Алмазбектин атына «FELY» фирмасына 520 чарчы метр жерди арендага берген. Бул фирма дагы 2014-жылдан бери эч бир иш аткарбастан, жөн эле жерди ээлеп жатып, карызы 110 миң сомдон ашып кетти.

Буга дагы алкымы тойбогон Комбайн өзүнүн кол астында иштеген  «Котельная» ишканасынын башчысы Юсупов Турусбектин кызы Турсунбекова Аселдин атына «Жашыл аалам» фирмасын каттатып, ага 2015-жылы 2924 чарчы метр жерди жогорудагыдай шарт менен 49 жылга арендага берип ээлеп алган. Бул фирманын карызы 160 миң сомго жакындады.

Нусувалиевдин кызмат абалынан пайдалануу муну менен эле чектелген эмес.

2014-жылы өзүнүн жакын досу Алибаев Маалимбектин «Уста-СЭЗ» фирмасына «Бишкек» СЭЗдин акчасына курулуп жаткан проектиси, сметасы жок эки кабаттуу үйдү, эч кандай документтери жок, көз карандысыз эксперттин баалосу жок эле 820 091 сомго, Мамлекеттик мүлк фондусунун уруксатысыз, жеке өзүнүн буйругу менен сатып жиберген. Учурда «Акчий» аймагында жашаган жумушчуларды турак жай менен камсыз кылуу жетишсиз болуп тургандыгына карабастан, элдин ырыскысын кан досуна каттатып, кийин өзүмө жаздырып алам деген үмүттү үзбөй келатат.

Ошондой инвесторлорго завод салганга жер табылбай жаткандыгына карабастан, жакын табакташы Момункулов Намыска катталган «Аян»  фирмасына кошумча 1600 чарчы метр жерди берген. Эч кандай курулуш жүргүзүүгө уруксат кагаздары болбостон жеке кызыкчылык үчүн жатакана деп аталган объектини куруп баштаган.  Бирок келечекте муну офис жана батир кылып колдонуп, ижаранын акчасын чөнтөгүнө салып, бир топ кабаттарын сатып дагы акча кылам деген ою бар. Учурда бул фирманын карызы  250 миң сомдон ашты.

Ушуну менен, окурманды чарчатпай, баянды убактылуу токтотолу. Кийинки макалаларда көзү жана карды тойбогон «комбайн» Орозбектин башка кылыктары жана чирип жаткан мүлктөрү жөнүндө кеп кылабыз.