Домой Саясат Эми Мамытканов, Жапыкеев, Суравалдиева, Токтогазиев да суракка чакырылабы?

Эми Мамытканов, Жапыкеев, Суравалдиева, Токтогазиев да суракка чакырылабы?

618

Бүгүнкү бийлик 5-6 октябрдагы бийликтин алмашуусуна, Жээнбековдун кетишине, бийликке Садыр Жапаровдун келишине себепкер болгон митингде эл башында турган оппозиция лидерлерин суракка чакырып жатат. Буга чейин: Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошевди ИИМ суракка чакырды. Аларды  5-6-октябрдагы ызы-чуулар боюнча чакырышкан.  Эгер мындай боло турган болсо, анда  ал  күндөрдөгү митингдердин башында туруп элге жалындуу сөздөрдү сүйлөшкөндөрдүн баары суракка чакырыш керек болот. Алар азыр кызматтан олтурушкан: Финполдун башчысы  Жапыкеев, вицелер Максат Мамытканов, Эльвира Суравалдиева, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, ТИМ министри Руслан Казакбаев, Чүйгө губернатор болгон Мияров ж.б. кызматсыз эле Жапаровду колдоп кетишкен жылма, жылжытма, кошоматчы саясатчылар да суракка чакырылыш керек болот. Же азыркы бийлик Баш мыйзамдын долбооруна каршы болгондордун баарын суракка чакырып, башкача сүйлөшкөнү жатышабы? Кыскасы, бул маселенин аягы жакшы менен бүтпөс…