3 жыл бою Ак үйдүн 7-кабатынан түшпөй Жээнбековдун саясаттын салмаксыз жүргүзүшкөн аппараттын мурунку башчысы менен анын биринчи орун басары Досалы Эсеналиев, Алмаз Кененбаевдин 6-октябрдан бери эч бир дайыны жок. Ал тургай Жээнбеков менен кошулуп, жума күндөрү мечитке ж.б. жактарга барып жатышканын уккан жана көргөн киши боло элек. Бүгүнкү күндө эски бийликтин эки эрени эмне менен алек болуп, кимдин чачпагын көтөрүп жатканы деле белгисиз. Балким, Жапаровчул болуп кетишкендир. Бирок ачыкка чыга элек. Же азырынча тымызын саясат жүрүгүзүп жатышкандыр. Кантсе да, Жапаров элдин каршы чыкканына карабай таптакыр татыксыз шефине экс-президент статусун берди го. Жакында буларды кайсы бир кызматтан көрүп калсаңар такыр таң калбагыла…Балким өздөрүнө ылайыктуу кызмат соодалашып жатышабы?. Убакыт көрсөтөт…