Домой Маек Дөөлөт Сыдыков, манасчы: Сагымбай атабыздын эмгеги толук баасын ала элек. Мамлекетибиз баалай...

Дөөлөт Сыдыков, манасчы: Сагымбай атабыздын эмгеги толук баасын ала элек. Мамлекетибиз баалай албай жатат

256

Сыдыков Дөөлөт

— Кыргызда азыр акын, манасчыларынын чыгармаларын баарын бириктире келгенде баарында тең Сагымбай атабыздыкындай сөз көркөмдүүлүгү жок. Керек болсо түрк тилдүү акындарында да мынчалык деӊгээлде көркөмдүк деӊгээл жок. Анткени, Сагымбайга Жараткан сөз кудуретин берген экен. Бизге Сагымбай атабыздын үнү жетпей калды да. Анын манасын өз оозунан угуп калгандар: “Үнү да ушундай шар аккан суудай тунук, бийик болчу. Кол шилтегени да укмуш болчу” — дешчү экен. Сагымбай атабыз Манасты укмуш кеңейтип, терең айткан.
Абдрахманов: “Күндө Манас жазабыз. Олуя мага күндө бир сыр көрсөтөт. Манастын бир жерин жаздыргандан кийин, эртеси: “ Түндө түшүмө кирди. Манастын бул жери мындай эмес экен, ушул жерин оңдоп коёлу” – деп айтып оңдотчу” – деп жазып калтырган. Бирок ошол кездеги бийлик билермандары Сагымбай атабыздын Манасын жаздырып алуу ишине жакшы көңүл бурбай коюшкандан улам, ал тургай айлык төлөп бербей койгон, анысы аз келгенсип, Ташкентке чакырып: “Төрт жылдан бери Манасты жазып бүтүрбөдүңөр, сотко беребиз, каматабыз “ — деген сындуу сөздөрдү айтышып, көңүлүн абдан оорутушкан. Ошондон кийин Сагымбай атабыз көңүлү сууп, манасты абдан тар кылып айтып койгон. Мунун кесепетинен атабыздан Манастын 180 миңден ашуун эле сабы жазылып алынган. Абдырахманов: “Ташкенттен кабагы ачылбай келди. Ошондон кийин Манастын окуяларын кыска-кыска эле айтып жаздырып койду. Мен артынан ээрчип жүрүп “Чоң казатты” далай ирет уккам. Ал окуяда Алмамбеттин Карагулду кууганын таң атканча айтып бүтчү эмес. Мурун бул окуяны абдан узак айтчу элеңиз, азыр кыска эле айтып койдуңуз десе, алп манасчы: “Билгеним ушул болсо эмне кылайын” деп ачылбай койду” — деп эскерген. Бул киши ошол Манасты жаздырып жаткан 1924-жылдары катуу ооруган экен. Абдырахманов бул тууралуу: “Айткан акын Сагымбай, Адашты акыл эсинен, Жазган молдо Ыбырай, Жаш акты эки көзүнөн. Үйдө тамак жогунан, Балдарым түсүн үйрүп карады, Кылымга кызмат кылганга, Сагымбай акын жарады. ” Сагымбай атабыз ушунчалык кайраттуу экен, аягында: “Өкмөт акча бербесе бербесин, жөн кой. Бизди эл баалай турган да убак келет. Элге кызмат кылып жатабыз, Эл үчүн жаза берели” – деп айткан экен.
Андан бери кылымга жакын убакыт болуп баратат. Бирок Сагымбай атабыздын эмгеги толук баасын ала элек. Мамлекетибиз баалай албай жатат. Сагымбай бизде эле эмес, Эл аралык деңгээлде бааланышы керек эле. Андай болбой жатпайбы. Негизи Сагымбай атабыз өзү семетейчи экен да: “Мен Семетейдин арбагынан корком, мен Семетейди жаздырбай калдым. Менин пирим Семетей экен да” – деп айтчу экен. Чынында Сагымбай аталарыбыз күн-түндөп айтышкан да. Ал кезде сары майга же жылкынын майына нан туурап ичип алышып, белин бошотуп алышып эле улам айта беришкен. Ал мезгилде элдин укканы да башка болчу да. Азыр болсо башка дегендей. Негизи манас элдин укканына да жараша болот. Мен болсо тынбай 12 саат айткам, андан аша элекмин…

Даярдаган Айбек ШАМШЫКЕЕВ