Домой Маек Асылбек Токтогулов, коомдук ишмер: Кыргыз эли мына ушул Манасы менен, Сагымбай аталарыбыз...

Асылбек Токтогулов, коомдук ишмер: Кыргыз эли мына ушул Манасы менен, Сагымбай аталарыбыз сындуу алп манасчылары менен улуу!

416

Токтогулов

— Сагымбай атабыздын элибизге калтырып кеткен эмгеги опол тоодой экени талашсыз. Улуу манасчыга мен деген залкарлар абдан чоң баа беришкен. Маселен, Саякбай атабыздын: “Сагымбай атан төө болсо, мен анын жанында тайлакмын” — деп айткан баасы эле абдан тереңдиктен, абдан бийиктиктен кабар берип турат.
Албетте, биз андай укмуштай бааны бере албайбыз. Биз баа бергенден мурун мындай улуу адамдар менен сыймыктанышыбыз керек. Атабыздын бизге калтырып кеткен ыйык мурасын кийинки муундарга көздүн карегиндей сактап, талапка ылайык жеткиришибиз керек. Алп манасчынын баскан жолу, асыл эмгеги аркылуу жаштарыбызга татыктуу тарбия бере алсак, элибиздин келечеги жакшы болот деп ойлойм. “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” – дегендей мындай алп манасчыларыбызды дайыма барктап, ушундай даталуу мааракенин колдон келишинче чоң деңгээлде белгилеп турушубуз керек. Сагымбай атабыз жеке эле Кочкор элинин эмес, бүткүл кыргыз элинин сыймыгы! Кыргыз эли мына ушул Манасы менен, Сагымбай аталарыбыз сындуу алп манасчылары менен улуу! Мына ушул маселени жадыбыздан чыгарбай, ар дайым даңазалап жүрүүгө милдеттүүбүз. Атабыздын 150 жылдык мааракесинде улуттук оюндар, мелдештер бир-эки күндө бүтөт. Бирок атабыздын манасчылыгын, Манасты даңазалоо, агартуу иш-чарасын эч качан токтопой жүрүп олтурушубуз керек!