Домой Маек Бейшенбек Иманалиев: Биз ушул атабыздын асыл эмгеги менен “Манасты” таанып, көзүбүз...

Бейшенбек Иманалиев: Биз ушул атабыздын асыл эмгеги менен “Манасты” таанып, көзүбүз ачылды

620

Бейшенбек

— Сагымбай атабызды ким гана билбейт?! Эмне деген залкар манасчы, эмне деген улуу инсан! Бул адам мындайча айтканда бизге жеткен манасчылардын эң алды экен. Биз ушул атабыздын асыл эмгеги менен “Манасты” таанып, көзүбүз ачылды да. Мына ушундай алп манасчыларыбыз менен дүйнөгө “Манасыбыз” менен мактанып, “Манасыбыз” менен сыймыктанып жатпайбызбы. Мына ушундай баа жетпеген манасты бизге калтырып кеткен манасчы атабызга биз көптөн көп карыздарбыз. Ошол карызыбызды мойнубузга жүктөп жүрө бербей, бүткүл кыргыз эли, ар бир кыргыз даңкташы керек. Анткени, Сагымбай атабыз жалпы элибиздин эң чоң сыймыгы!
Манасчы атабыздын атасы Орозбак да оңой киши эмес турбайбы. Ал керней-сурнайды укмуш тартчу экен. Анысы Ормон ханга жагып калып, өзүнүн жанына алып алган, Жумгалдан үй-бүлөсү менен көчүртүп келип. Демек, ханга жаккан, ханды өзүнүн өнөрү менен өзүнө тарткан адам оңой адам болобу?! 1847-жылдары Кененсары, Ноорузбайлар 20 миң колу менен кыргыздарга кол салып, кырып киргенде, Орозбак атабыз өзүнүн өнөрү менен кыргыздын арстан жүрөк жоокерлерине дем берип, күч берип, мекендин ыйыктыгын сездирип, керней-сурнайды бапылдата тартып туруптур. Кыскасы, атасы да кыргызга чоң кызмат кылып кеткен. Ал эми баласы Сагымбайдын элге калтырган эмгегине чынында эле баа жетпейт. Биз мына ошол опол-тоодой эмгегин баалап-барктап алууга милдеттүүбүз. Ошол милдеттерибиздин бири катары алп манасчы атабыздын сөөгү жаткан Кочкор жергесинде 150 жылдык мааракесин өткөрүп жатабыз. Бул да болсо атабызга жасап жаткан таазим! Биз да атабыздын арбагы ыраазы болсун деп өз жардамыбызды аябай берип жатабыз. Сөзүмдүн соңунда: элибизде ар дайым тынчылык, токчулук болсун, өлкөбүз өсүп –өнүп, мамлекетибиз күчтүү мамлекеттердин бири болсун деген тилекти айтайын.