Домой Маек Рыспай Исаков, манасчы: Сагымбай атабыздын мааракесин дүйнөгө дүңгүрөтүп белгилешибиз керек эле…

Рыспай Исаков, манасчы: Сагымбай атабыздын мааракесин дүйнөгө дүңгүрөтүп белгилешибиз керек эле…

701

рыспай исаков

— Бүгүнкү күндө Манастын канчалык касиети, канчалык өзгөчөлүгү болсо, ошонун баарында Сагымбай атабыздын чоң үлүшү бар. Сагымбайдын “Манасы” аркылуу гана биз адамдын аң-сезимин таң калтыра турган ажайып дүйнөгө туш болобуз. Сагымбайдын “Манасында” көркөм сөздүн кудурети жипке тизген шурудай сезилип турат, экинчиден сюжеттик линиялардын өнүгүшү, чиелениши, жазма поэзияда, жазма прозада кезикпеген ушунчалык татаал окуялар кезигет. Каармандардын көптүгү, жер-суулардын көптүгү жана аталышы, алардын келип чыгышынын чечмелеши өзгөчөлүктөн кабар берип турат. Биз Сагымбай атабызга бүгүн да чоң карызбыз. Чынында биздин Сагымбайдан өткөн алп манасчыбыз жок. Бирок ушундай улуу манасчынын мааракеси өзүбүздө эле белгиленип калбастан, Эл аралык деңгээлде, дүйнөлүк деңгээлде белгилеп, дагы бир ирет Манасыбызды, Сагымбайыбызды дүйнөгө дүңгүрөтсөк, болушунча даңазаласак абдан жакшы болмок. Эми мамлекет тарабынан бул маселеге көңүл бурулбай калды. Ошентсе да, кочкор эли, ошол өрөөндөн чыккан чыгаандар минтип Сагымбайдын мааракесин өткөрүп жатышы тарыхта кала турган иш.
— Бул мааракеде манасчылардын сынагы уюшулуп жатпайбы. Сынак кандай эрежелер, кандан шарттар менен өтүшү керек?
— Манасчылар сынагы ар кандай деңгээлде, ар кандай шартта өткөрүлүп келген. Негизги эрежелерин айта кетейин.
Манасчыларды баалоо өтө татаал, өтө чеберчиликти, кылдаттыкты талап кылат. Биринчи эле сынакта катышуучулар үчүн билет системасы болот. Кайсы манасчыга ал билетте Манастын кайсы окуясы туш келсе, ошону айтып бериши керек. Убакыт кыска берилсе, окуяны кыска айтат, убакыт кенен берилсе, анда кенен айтып берет. Ошондой эле бирин-бири улап айтмай, андан ары бир эле окуяны айтуу. Экөө тең бир окуяны айтат. Анан калыстар тарабынан кимиси көркөм айткандыгы эске алынып, ошол жагы бааланат.
Менимче, бул сынак тууралуу жакшы жарыя берилсе, манасчылардын баарына жетсе, менимче 30-40 манасчы катышат. Бирок сынактын шарты катаал боло турган болсо, анда бир катар манасчылар катышпай коюшат.
— Илгери Келдибек, Тыныбек ,Сагымбай манасчы аталарыбыз Манастын жарым миллион сабын жатка билип, күн-түнү тынбай айтышкан да. Эми аларга азыркы манасчыларды алардын деңгээлине салыштырып болбойт. Бирок ошондой болсо да, азыркылардан ким эң узак убакыт айтты эле? Бул жагы окурмандарга кызык да…
— Токтолбой эң узак айткан манасчылар боюнча ар кандай айтылып жүрөт. Маселен, Улан Исмаиловду 16 саат айткан деп айтылып келет. Мен болсом 12 саат айткам, анын ичинен таза токтолбой айтып, анык катталып, тасмага тартылып алынганы 11 саат. Ал эми 7-8 сааттап манас айткандар көп эле. Негизи биз кийинки манасчылар Сагымбайды, Саякбайды көрүп калбасак да, ошолордон үлгү алып, ошолорду устат тутуп, өздөрүн көрбөсөк да, сөздөрүн ээрчип калдык. Ал эми Сагымбай атабыздан түз тараган урпактарынан, өзгөчө жээн неберелери тарабынан Манас айтып чыгышканын билем. Албетте, бул өнөр, бул касиет аларга чоң таятасынан келген да. Сагымбай атабыздын неберелеринин бири жаш кезибизде биз менен манас айтып калчу. Мен азыр ал жигитти анча жакшы эстей албай калдым. Себеби, андан бери көп жыл өтүп кетти. Бирок ал бала жаш эле каза таап калды. Анткени, манас айткандын баары эле толук кандуу манас айтып кете бербейт да. Көтөрө албай калгандар да болот…