— Кыргыз эли дүйнөнүн эч бир мамлекетинде жок зор “Манасы” менен улуу экенин даңазалап, ыйык “Манасты” биздин күнгө жеткирип кеткен алп манасчы Сагымбай атабыздын 150 жылдык мааракесин ушинтип мамлекеттик деңгээлде белгилеп жатканыбыздын өзү жакшы иш-чара. Бул тарыхый иш-чара кыргыз эли байыркы элдерден экенин көрсөтүп, мамлекетибиздин келечектүүлүгүнөн кабар берип турат десек болот.
Негизи Сагымбай атабызды даңазалоо, мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү маселеси мындан да жакшы жүрсө болмок да. Мисалы, Сагымбай атабызга 150 жыл өткөн жылы толду да. Маараке ошол өткөн жылы, өз убагында кечикпей өтсө жакшы болмок деп ойлойм. Быйыл болсо кыска эле мөөнөттүн ичинде даярдыктар көрүлдү. Дагы жакшы мамлекет, өкмөт колдоп жатат. Кочкор эли да түп көтөрүлүп, колунда бар азаматтар демөөрчүлүк кылып жатышат. Алардын баарына рахмат дейли. Атабыздын арбагы ыраазы болсун!
Негизи маараке такыр өтпөй калгандан көрө, быйыл минтип өтүп жатышы абдан жакшы болуп турат. Мен Сагымбай атабыздын 125 жылдык мааракеси тууралуу кыска айта кетейин. Ал иш-чара 1992-жылы Ормон хан айылында абдан чоң деңгээлде өткөрүлгөн болчу. Ат оюндары уюштурулуп, чоң байгелер берилген. Кыргызстандын бардык дубанынан эл келип, чоң программадагы концерт болуп дегендей. Мен ошол кездеги премьер – министр Турсунбек Чыңгышевдин жардамчысы элем. А, киши өкмөт башчы катары мааракеге барып, чоң салтанатка катышып кеткен. Ал кезде жаңы эле эгемендүүлүктү алганыбызга бир эле жыл толгон. Союз тарап, абдан кыйынчылык болуп жаткан. Бирок ошого карабай атабыздын мааракеси абдан чоң деңгээлде өткөн. Эми андан бери 27 жыл өттү. Кудайга шүгүр, өлкөдө өсүү аз-аздан болсо болуп жатат. Мындан ары атабыздын 150 жылдык мааракесин өткөрдүк, болду эми деп токтотуп койбой, атабыздын бизге таштап кеткен опол-тоодой эмгегин, өзүн колубуздан келишинче даңазалай беришибиз зарыл. Өз жергебизде эле даңазалап, өз казаныбызда эле кайнай бербей, Сагымбай атабызды дүйнөлүк деңгээлде, Эл аралык деңгээлде даңазаласак жакшы болот эле. Мына баарыбыз жапа тырмак киришип, ушул маселени иш жүзүнө ашыралы. Анткени, Сагымбай Орозбаков дүйнөлүк деңгээлдеги улуу инсан!
Домой Маек Шамшыбек Медетбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, коомдук ишмер: Сагымбай атабызды дүйнөлүк деңгээлде даңазаласак...