Домой Маданият Сагымбай Орозбаков: Быйыл 63 жаштамын, быйылдан калсам уулдун уулун, кыздын кызын көрөм

Сагымбай Орозбаков: Быйыл 63 жаштамын, быйылдан калсам уулдун уулун, кыздын кызын көрөм

627

Сагымбай Орозбак уулуна 150 жыл

Сагымбай айтчу экен:

— Манастын күмбөзү Манас деген шаардын жанында . Ал жалгыз эмес, катарында 40 күмбөз бар. Күмбөзгө тайынгандар тынбай келип, жума сайын 40-50дөн мал союлуп турат. Бир маалда Манастын карааны көрүнөт. Ошол замат аттан түшүп жетелеп өтпөсө аты өлөт. Кашкардын каны Жакыпбек каза болуп, алты шаар Жумул кытайдын колуна өтүп, кытай улуктары Манастын күмбөзүн бузуп салууга буйрук кылган. Усталар көзүнө көз айнектерин кийип алып, колдоруна метилерин алып, күмбөздү бузуп кирет. Чаба баштаган усталардын бир нечеси өлүп кетип, бир нечесинин эси ооп жыгылат. Эс алганда сураса усталар айтыптыр: “Метини колубузга алып, күмбөздү чабарыбызда кара көк жал бөрү көрүнө баштады. “-деп . Бул кабарды Кытайдын улугу дароо Бээжиндеги падышасына жеткирет. Падышадан “бузбагыла ” деген буйрук келет. Ошентип Манастын күмбөзү ошол бойдон бузулбай калат…

***

Манасчылар жөн кишилер бекен? Байыркы тарыхый эмгектердеги “кыргыз” деген жазуунун баарын “казак” деп оӊдоп шылуундук кылып, тиги дүйнөгө барганда Кудай кечирбей турган күнөөгө батып, “уурулук” кылып келаткан казак окумуштууларын акылдуулары кой деп колго чаап койгонго жарабаган, башка элдерге караганда тили тилибизге эӊ жакын деген казак калкына “Манас” килитин чечип, кулпусун ачмак беле? Эмне үчүн Манастын кулпусу Манас менен кармашып келген Кытайга ачылбайт? Эмне үчүн кудай Таала “Манас” айтуу касиетин жалгыз кыргыздын гана маӊдайына жазган? Бул дагы ой жоруй турган чоӊ нерсе.

***

Сары-Үйсүн, кум казактарынын ырчылары Сагымбайды уккандан кийин:
— Биздин казак, кыргызда мындай олуя ырчы жок, — деген экен

***

Сагымбай “Манасты” жаздырып жаткан кезде “тарыхты табам ” деп аракет кылган болчу. Кыргыздын тарыхын толук айтайын деп Түрктөн баштап , Урузкан, Байгур, Уйгур, Алачты ыксыз көп киргизген. Оозеки тарыхка катуу киришейин”- деп айтканын бир нече жолу уккамын.

***

Сагымбай эски молдолор менен да көп сүйлөшүп, алардын айткандарынан пайдаланганы анык. Динди да төгүлтүп айта берейин, угуп, элдин көӊүлү бурулсун”-деп айтчу.

***

Муӊдуу сөздөрдү укканда Сагымбай ыйлай берүүчү эле.

***

Сагымбай Ат-Башынын Ак-Талаа селсоветинде эки жыл турганда кытат деген уруунун ичиндеги айылдагылардан башка черик элинин бай – манаптары “Манас”, “Семетейди” айттырып угушпаган.

***

1930-жылдын май айында 63 жашында дүйнөдөн кайткан. Сагымбай көзү өтөр жылы :
— Быйыл 63 жаштамын, быйылдан калсам уулдун уулун, кыздын кызын көрөм,-деп айтып жүргөн эле дешет.

***

Чынында эле башкалардыкынан Сагымбайдын “Манасы ” алда канча көркөм экендигин, күчтүү экендигин, оозеки айтып эмес, ойлонуп жатып да табууга мүмкүн болбой турган укмуштай саптары кадам сайын учурарын. Окуган сайын денеӊ дүркүрөп, баш ийип, сөздүн күчүнө багынып баратканынды түшүнөсүӊ. Башкаларда кылкылдаган кытайга каршы жалгыз кырк чоро салгылашса, Сагымбайда кытайга каршы сан жеткис кол, бүтүндөй армия салгылашат.

***

Саякбайга караганда Сагымбай маалыматка бай болгон. Себеби Саякбай жалаӊ карапайым калктын арасында жүрсө, Сагымбай карапайым адамдар оӊой менен аралашалбаган мансаптуу адамдардын арасында жүргөн. Алыс жууктан келгендер , оӊго-солго кабар айткан чабармандар, биягы анжиян , тиягы кытай , Индостанга товар ташып каттагандар, товар менен кошо маалымат ташыган соодагерлер бай-манаптардын үйүндө мейман болуп, төгөрөктүн төрт бурчундагы жаӊылыктардан аларды кабардар кылып турган. Ушунун баары куйма кулак Сагымбайдын акындык фантазиясын байытып, дүйнө таанымын кеӊейтип, көз карашын өстүргөн. Акын үчүн бул баа жеткис байлык болгон.

***

Байдылданы жоктоо ырымда Сагымбай жөнүндө минтип жазгам:
Төбөдөн таӊы сөгүлгөн,
Төлдөгөн селдей төгүлгөн
Төрт аалам төөдөй чөк түшүп,
Төгөрөк төрткө бөлүнгөн.
Төп келген далай манасчыӊ,
Төмөндө жалпак үйгө окшоп,
Төрдөгү залкар Сагымбай.
Төрт кабат тамдай көрүнгөн.

***

Ошондуктан Манаска, Манастын сөзүн алып жүргөн манасчыларга акаарат айтуунун арты жакшылык менен бүтпөй тургандыгын. “Манаска” тил тийгизгендер, тизгини жок сүйлөгөндөр, кесир сөз айткан кейбирлер акыры бирди көрөрү, же өзү, же укум тукумун кырсык чалары эки жерде эки төрт дегендей эле кеп экенин жогорудагы мисалдар аркылуу эскерте кетким келди.

***

Кыргыз башкаларды тим коё туруп, жалгыз Сагымбай менен Саякбайын бетке кармап чыкса деле көркөм дүйнөсү улуу элдердин төрүнөн орун алганга толук акысы бар.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындалар — lll” китебинен алынды