— Жалпы эле кыргыз маданияты тууралуу сөз болгондо – биз улуу гений инсандардын алдыңкы катарында алп манасчы Сагымбай Орозбаков турарын баарыбыз биле жүрүшүбүз керек. Билбегенибиз абдан уят иш экенин эске алалы. Кыргыздын ыйык Курандан кийинки эле кураны, Баш мыйзамынан да бийик турган – бул Манас эпосу! Ал эми ушундай улуу эпикалык чыгарманы элибизге ыйык мурас кылып калтырып кеткен Сагымбай атабыздай алп манасчылардын ысымы тарыхта алтын тамга менен жазылып калган. Маселен биз: Келдибек, Чоңбаш, Тыныбек, Балык сыяктуу укмуштуудай улуу манасчы бабаларыбызды суктануу менен гана эскерип, алардын манасчылык эбегейсиз талантын уламыш катары айтып келебиз. Себеби, алардын манасы, үнү тилекке каршы биздин заманга жетпей калды. Жаздыра албай калдык. Ал эми Сагымбай, Саякбай, Багыш Сазан уулу сыяктуу чоң манасчылардан Манастын жүзмиңдеген саптары жазылып алынды. Алардын мурасы элибиздин эбегейсиз бактысы, байлыгы болуп калбадыбы.
Негизи Сагымбай атабыз өзү Көлдө төрөлүп, сөөгү Кочкордо коюлуп калганы менен жердиги, түбү Жумгалдан болот. Жумгалда Курманкожо деген чоң уруу бар. Курманкожо атабыз өз заманында мыктылардын бири болуптур. Анын Мойнок деген уулунан бир ууру эл тараган. Мойноктун баласы Манас. Сагымбай атабыз мына ошол Манастын тукумунан чыккан алп манасчы. Атасы Орозбакты өз заманында мыкты кернейчи-сурнайчы болгон экен, анын таланты Ормон ханга жетип, хан Орозбакты атабызды өз жанына алдырып, сурнайчысы кылып алган. Эми бул жагын тарых үчүн айта жүрөлү. Азыр ошол Сагымбай атабыздын түпкү айылы — Кызарт айылы деп аталат. Дагы бир нерсени айта кетейин, кыргыздын алп жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков атабыздын атасы ошол Кызарт айылындагы – Курманкожонун ичиндеги кургак уруусунан болот. Ош – кыйыш заманда Түгөлбай атабыздын атасы Ысык-Көлгө көчүп кетип, Түгөлбай атабыз ошол жакта төрөлүп калган. Демек, алп манасчы Сагымбай атабыз менен алп жазуучунун түпкү аталары бир, туугандык жайы бар. Ошондой эле Кызарттын жанында Куйручук айылы бар. Мына ошол айылда Сагымбай атабыздын бир чети замандашы, бир чети шакирти, элибиздин эң белгилүү манасчысы Багыш Сазанов жарык дүйнөгө келген. Багыш атабыз Сагымбай атадан 15 жаш кичүү болгон. Сагымбай атабыз 1930-жылы дүйнө салса, Багыш атабыз 1958-жылы каза тапкан. Жалпы кыргызга белгилүү болгондой Жумгал жергесинен: Куйручук, Сагымбай, Багыш, Муратбек Рыскулов, Сыдыкбек Жаманов, Мидин Алыбаев, Мыскал Өмүрканова, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу маданияттын не деген алп өкүлдөрү чыккан. Сагымбай атабыздан кийинки таланттар ага түздөнүшкөн, таалим алып келишкен дегендей.
Мен эми композитор катары Манастын музыка дүйнөсүндө алган орду абдан чоң экенин баса белгилеп кетким келет. Бул багыт боюнча эмне деген укмуш симфониялар жазылып жатат. Мен азыр бир чоң маселени эске салып айта кетейин. Азыр биздин улуттук консерваториябызга 25 жыл толду. Консерватория жаңы ачылып жатканда биз ошол кездеги президентке консерватория Сагымбай Орозбаковдун атынан болсун деп суранганбыз. Бирок ал кездеги бийлик бул маселеге көңүл бурбай койду. Айрымдар тар түшүнүгү менен: “Консерватория кантип манасчынын атынан болсун” – деп жазып коюшса ошол сөздү туура көрүп алыштыбы, айтор колдоого алынбай калган. Андан кийин: “Сагымбайдыкын бербесеңер, Саякбай атабыздын ысымын бергиле” – деп өтүнүч кылдык. Бирок тилекке каршы, бул маселе да колдоого алынбай калды. Казакстанда Алматыдагы улуттук консерваторияга казак бийлиги залкар акыны Курмангазынын атын берген. Сагымбай атабыз жеке эле манасчы эмес, улуу акын болгон. Негизи эле манасчылык көркөм өнөрдүн туу чокусу да. Биздин консерватория болсо ошол биз айтып жаткан көркөм өнөрдүн алтын уясы.
Домой Маек Муратбек Бегалиев, Кыргыз эл артисти, К. Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын ректору, академик:...