Домой Маданият Манасчы Сапарбек Касмамбетов менен коштошуу зыйнаты болот

Манасчы Сапарбек Касмамбетов менен коштошуу зыйнаты болот

182

Манасчы, төкмө акын, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетов 87 жаш курагында 19-январда дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы убакта ооруканада дарыланып жаткан.

Касмамбетов коомдук уюмдар тарабынан буга чейин «Эл манасчысы» жана «Залкар манасчы» деген наамдарды алган. Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, «Манас-1000» юбилейлик медалынын жана «Даңк» медалынын ээси, 1987-жылдан бери Кыргызстанда өткөрүлгөн «Манас» айтуунун жети жолку жеңүүчүсү.

Сапарбек Касмамбетов манасчылыктан сырткары жазуучу катары да бир катар чыгармалардын автору. Ал «Эр Кошой» эпикалык чыгармасын айтып, аны өзүнчө китеп кылып чыгарган. Мындан сырткары «Асыл эне», «Билерик», «Балыкчы баяны», «Бала Манас» сыяктуу поэтикалык чыгармалары китеп болуп басылып чыккан.