Домой Маек Дүйшөн Ирсалиев, Бишкек ЭЭАнын директору: Манасты, Сагымбай атадай алп манасчыларды ар бир...

Дүйшөн Ирсалиев, Бишкек ЭЭАнын директору: Манасты, Сагымбай атадай алп манасчыларды ар бир күнү даңазалап туралы

144

Д. Ырысалиев
— Биз ар бирибиз “Манасты” аны бизге жеткирген Сагымбай атабыздай алп манасчыларды даңазалоо маселесин ыйык парзыбыз деп билсек, өлкөнүн өргө карай жылышына чоң салым кошкон болот элек. Кудайдын кудурети менен Сагымбай Орозбаков сыяктуу алп манасчы аталарыбыздын оргуштаган тубаса талантынан жаралган “Манас” эпосундай тарыхый чыгарма дүйнөдө эч бир элде жок. Жараткан Манасты биздин элге гана энчилеп берген. Бирок Сагымбай ата сындуу алп манасчылар болбосо “Манас” эпосу мынчалык даңазаланып, биздин күнгө жетет беле? Албетте, жетпей калмак. Бул жагынан алып караганда Сагымбай атабыз биринчилерден болуп элибизге керемет “Манасты” ыйык мурас катары калтырып кетти. Анткени, Сагымбай атабыздын устаттары : Келдибек, Тыныбек, Балык, Чоң баш өңдүү чоң манасчылардын “Манасы” тилекке каршы бизге жетпей калды. Ал эми атабыз Сагымбайдан “Манасы” толук жазылып алынбаса да, 200 миңдей сапты жазып алышкан да. Бул деген эбегейсиз эмгек да. Ал эмгекти биз аздектеп, ар дайым даңазалоого милдеттүүбүз! Сагымбай атабыз сындуу алп манасчылардын мааракесин мамлекеттик деңгээлде белгилеп туруу биздин милдет. Бирок биз алп манасчыларды ушундай мааракеде эле эстебей, ар дайым, керек болсо ар бир күнү даңазалап турсак жакшы болмок. Биз да “Манас” эпосун , Сагымбай атабыз сындуу алп манасчыларды элге, айрыкча жаштарга терең жайылтууга колдон көргөн аракеттерибизди көрө беребиз. Бул багытта да өкмөт мындан ары да өз деңгээлинде татыктуу иштерди жүргүзө берерин каалайт элем. Улуу манасчынын мааракеси Кочкордо белгиленип жатышы бекеринен эмес. Анткени алп манасчынын сөөгү ушул өрөөндө жатат…