Домой Маек Темирболот Абыкеев: Сагымбай атабыздын мааракесине жарым жыл даярдык көрдүк

Темирболот Абыкеев: Сагымбай атабыздын мааракесине жарым жыл даярдык көрдүк

627

Темирболот Абыкеев

— Ормон-Хан айылы Сагымбай атабыздын мааракесине жарым жылдан бери эле даярдыктарды көрүп жатабыз. Алгач эле айылдагы бир аз көйгөйлөрдү чечүү аракеттерин ишке ашырдык. Маселен: жолдорубузду оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Ормон-Хан айылына караштуу эки айылды толугу менен жарыктандырып, борбордук көчөдөгү үйлөрдү жыгач тосмолор менен тостук. Ушул сыяктуу ж.б. иштер жасалып жатат.

Кудай буйруса, маараке 29-сентябрда болот. Негизи күрөш менен көк-бөрү 27-28-сентябрь күндөрү башталат. Анткени, көк-бөрүгө катышуу үчүн эле 30 команда катталды. Ал эми 29-сентябрга белгиленген маараке эки бөлүктөн турат. Саат ондо баштала турчу: Аламан, жорго салыш, кунан чабыш, көк бөрү өӊдүү спорттук оюндар кечки төрттөргө чейин бүтөт. Баш байгелерге 3 авто унаа коюп жатабыз. Саат төрттөрдө сый тамактан соӊ, спорттук иш-чарадан жеӊишке жеткендерге салтанаттуу байге тапшыруу аземи болот. Улуттук оюндар бүткөн соӊ, чоӊ масштабдагы маданий иш-чара башталат. Сагымбай атабыздын мааракесине президент, же премьер-министр келет. Эл аралык уюмдардан, элчиликтерден, ЮНЕСКОдон, чет элдик коноктордон элчилер менен донорлордун келээри күтүлүүдө. Өзүбүздүн маданиятыбызга башын сайып жүргөн маданият ишмерлери, тарыхчылар ж.б. тармактардын аттуу-баштуу инсандарын тандабай эле баарын тегиз чакырып жатабыз. Коноктор үчүн деп биздин район 60тан ашуун боз үй тигебиз. Мындан тышкары да, Жумгалдан, облустун ж.б. райондорунан да 10-15 боз үй тигишет. Биздин болжол менен мааракеге келе турган адамдардын саны 10 миңге жетет го деп турабыз.
Сагымбай атабыздын мааракесине арналып жасалган дагы бир ишти баса белгилеп айта кетели. 1992-жылы манасчы атабыздын 125 жылдыгы өтүп, ошол жылы колхоздун эсебинен күмбөз-эстелиги жасалган болчу. Бирок ошол бойдон эч каралбай калган. Ал тургай мал дагы ичине кирип калган болчу. 2013-жылы вице-премьер министр болуп турган Дамира Ниязалиева өзүнүн жеке чөнтөгүнөн 65 миң сом берип, ал акчага эстеликке акчанын жетишинче косметикалык ремонт жасалган. Маселен, эстеликтин оозу жабылып, болушунча иретке келтирилип, мурункуга караганда жакшы болуп калган. Өткөн жылы президенттин эсебинен 3, 5 млн. сом бөлүнүп берилип, ошол күмбөз-эстелиги жаңыланды. Буйруса, ал эстелик бүгүнкү күндө эл барып, сыймыктана турган, бир жакшы эстеликтердин бири болуп калды деп айта алабыз.
Окурмандар үчүн да айта кетели. Негизи Сагымбай атабыздын сөөгү айылдан 3, чакырымдай алыстыкта жайгашкан Аймамбет жайлоосуна коюлган. Күмбөзүндө коргон бар. Абалы жакшы сакталып турат.
Сагымбай атабыздын Аманкул, Жаманкул деген эки уулу болгон. Жамангул атабыз Ормон-Хан айылнда жашап жүрүп, каза тапкан. Азыр биздин айылда Жамангул атабыздын байбичеси жашайт. 90го чыгып калды. Манасчы атабыздын жээндери, Жумгалда туугандары да бар. Алар да мааракеге өз салымдарын кошуп, аракет кылып жатышат.

Манасчы атабыздын бул мааракесинен тышкары анын чыгармачылыгын, “Манасын” жайылтуу, даӊазалоо максатында мектептерде атайын сабактар, илимий конференциялар өткөрүлүп жатат. Былтыр “Манастын” Орозбаковдун варианты боюнча балдар арасында сынак уюштурулуп, ал 3 күнгө созулган.
Мындай агартуу иштери токтолбостон мындан ары да байма-бай болуп турмакчы. Анткени, биз улуу манасчы атабыздын бизге жеткирген ыйык мурасы үчүн, дүйнөдө эч бир эпостук чыгарма теӊ келбеген зор “Манасы” үчүн көптөн көп карызбыз. Ар дайым таазим кылып, арбагына куран окутуп турушубуз керек.