Домой Криминал «Дөө-Чынгыз» эркиндикке чыгабы?

«Дөө-Чынгыз» эркиндикке чыгабы?

612

Адам өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан крим дүйнө өкүлү Чынгыз Жумагулов, каймана аты «Дөө-Чынгыз» бүгүн-эртең эркиндикке чыгары айтылууда.

Ал, «мыйзамдагы ууру» Камчы Колбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Мындан бир жарым жыл мурда, таластык Ильяз Абдыкадыров аттуу жигитти аёосуз тепкилеп өлтүргөндүгү боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда соттук териштирүү жүрүп жаткан. Бул иш боюнча бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө.

Бирок жабырлануучу тарап соттук териштирүүлөргө чакырылган эмес. Кандайча, эмнеге? Гезитибиздин кийинки санында, маркум Абдыкадыровдун жубайынын маегин беребиз…

Булак: Ачык саясат