Зөөкүр эркек барымтага алып бычак жеп каза болгон Мээрим тууралуу атын атагысы келбеген анын жакын адамы бизге буларды айтып берди:
“Каза болгон Мээрим 1992-жылы Суусамырда туулган. Мээрим буга чейин турмушка чыгып ажырашкан 2 уул 1 кызы бар. Балдарын багам деп Россияда да иштеп жүрдү. Балдарын сагына берип, балдарыма жакын болоюн деп кыргызстанга келе бергенине аз эле жыл болгон.
Болжол менен зөөкүр күйөөсү менен баш кошконуна бир жарым жыл болгон. Ал жолдошу тууралуу мурда үйлөнбөгөн Токтогулдук бала, түшүнүктүү бала деп айтып жүрчү.
Бул каргашалуу окуядан кийин биз, анын үйлөнгөнү жана буга чейин түрмөгө отуруп чыкканын билип калдык.
Мээрим менен кол үзүшкөнүнө көп убакыт болсо да ага тынчтык бербей анын иштеген жерине аңдып келе берген. Андан качып жаңы эле жумуш ордун которгон.
Мээрим жакында Ысык-Көлгө турмушка чыкмак. Аны угуп алып “сен мени менен жашайсың же болбосо өлтүрүп тынам“-деп коркутуп жүргөн. Акыры зөөкүр өз мүдөөсүнө жетти.
Биринчи турмушундагы улуу баласы Мээримдин колунда болчу. Эки баласын мурунку жолдошу менен бирге ортодо карашчу. Маркумду 18-июнда кыргыздын каадасы менен колдон алып кетишмек”- дейт каза болгон келиндин жакыны.
Эске сала кетсек, Бишкекте эки күн мурун болжол менен саат 19:50дө Дэн Сяопина көчөсүндө 36 жаштагы киши мас абалында кызганычтан улам аялды бычак менен барымтага алган. Аялды куткарууга аракет кылгандарга бычак шилтеп, эч кимди жолотпой койгон. Учурда териштирүү иши жүрүп жатат.
Булак: Багыт