Домой Ден-соолук Диетолог: туура эмес тамактануу балдардын эс тутумуна таасир этет

Диетолог: туура эмес тамактануу балдардын эс тутумуна таасир этет

293
Балдардын эске тутуму менен жетишкендигиндеги көйгөйлөр туура эмес тамактануу менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Известияга» балдар эндокринологу, диетолог жана тамактануу боюнча консультант Юлия Сидорова айтып берди.
«Тамактануу бардык орган менен системанын иштешине, анын ичинде мээге таасир этет. Эң негизгиси, рациондо клетчатка көп болушу керек. Ал акыл-эсти жакшыртууга, ойлонууга жардам берет. АКШдагы изилдөөгө ылайык, клетчатканы жетиштүү колдонгон балдар тесттен оңой өтүшкөн», — деди диетолог.
Анын айтымында, күнүнө 2 000 ккал тамак жеген балага 25 грамм клетчатка бериш керек. Эгер жаш курак боюнча эсептей турган болсо, мектеп жашына чейинки бала 10 грамм, майда класстын балдары 15 грамм, өспүрүм 30 грамм клетчатка алышы керек. Диетолог бир даана жашылча же жемиштин курамында 3 грамм клетчатка болорун айтты.
«Эс тутум үчүн май, бөтөнчө омега-3 керек. Ал балык менен жаңгакта бар. Майлар күнүмдүк калориянын 25-35 пайызын түзүшү керек. Ошондой эле углеводдор 45-65 пайыз, белоктор 30 пайыз болушу керек. Мисалы, тарелканы элестеткиле. Анын жарымын клетчатка: мөмө-жемиш, жашылча, төрттөн бир бөлүгүн углеводдор: буудай наны, макарон, дагы бир бөлүгүн балык эти, мал эти түзгөнү туура», — деди адис.