Домой Ден-соолук Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди

Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди

97

24 жыл мурун медициналык жабдууларга берилген корей насыясынын айланасындагы талаш Кыргызстанды миллиондогон доллар карызга гана батырбай, андан башка дагы кесепетин тийгизгендигин «ПолитКлиника» медиасы аныктап чыкты.

“Эгер (имаратты) бошотпосоң, сенде чоң көйгөйлөр жаралат. Түшүндүңбү!?”, — деп ушул жылдын март айында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жеке клиниканын директору Алмазбек Исманкуловду жоопкерчиликке тартууга аракет кылды.

Кыргызстандыктар бир нече ай бою саламаттыкты сактоо системасынын жогорку даражалуу чиновниктеринин бири менен белгилүү көз дарыгеринин тирешүүсүнө күбө болушту. Экөөнүн ортосундагы талаш-тартыштын себеби 24 жыл мурун Кыргыз улуттук университетине караштуу Медициналык борбор үчүн жабдуулар түрүндө алынган насыя болгон.

Натыйжада, башында 8 миллион доллардан ашык насыя төлөнбөй, медициналык техниканын бир бөлүгү Алмазбек Исманкуловдун жеке клиникасына келип түшкөн.

Бул абалга кайгырган министр белгилүү көз дарыгерине ар кандай жолдор менен кайрылып, эл алдында “лопух” деп атап, клиникасынын алдына кум түшүрүп, эшигин жапканга аракет кылып, “тиштериңди санап коем” деп коркуткан.

Бул жагдайга Бейшеналиев бекеринен кайгырбаганын «ПолитКлиника» медиасы аныктап чыкты. Анткени бул насыяны убагында төлөбөй коюунун тийгизген кесепети, баналдык коррупция жана начар башкаруудан дагы кейиштүү болуп чыкты.

Акыркы 20 жылдын ичинде Кыргызстан Түштүк Кореянын алдындагы инвестициялык беделин ушунчалык бузуп, калган кредиттерге терс таасирин тийгизди – тагыраагы ал жактан такыр насыя келбей калган. Ал эми кредитке алынган техника билим берүү муктаждыктарына жетпей калгандыктан, КУУнун медициналык кафедрасынын ачылышы көп жылдарга жылдырылган.

Азыр тараптардын ар бири — Кыргызстандын бийлиги жана Исманкулов — ким күнөөлүү, кредитти ким төлөшү керек жана 24 жыл ичинде пайда болгон пайыздарды ким төлөй тургандыгын тактоого аракет кылып жатышат: азыр бул, албетте, 8,5 млн доллар эмес, 27 млн доллар. Мындай сумманы саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Алынган документтер, справкалар жана окуяга байланыштуу адамдардын көрсөтмөлөрү менен, «ПолитКлиника» медиасы 24 жыл мурун унутулган жаңжал кантип кайрадан көңүл чордонуна чыкканын баяндайт.

Биргелешкен “ИнтерГоспиталь”

Кыргызстан көз карандысыздыгынын башталышында кулаган Советтер Союзунан мураска калган ар кандай техникаларды жана станокторду жаңыртууга абдан муктаж болгон. Медициналык жабдуулар дагы бул тизмеде болгон жана ал техникаларды сатып алуу үчүн насыя алуу идеясы жаралган.

1997-жылы апрелде КУУнун окумуштуулар кеңеши «медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү жана студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн» ЖОЖдун алдында «Интергоспиталь» медициналык борборун ачууну чечкен. Негиздөөчүлөрүнүн бири, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов  “Интергоспиталдын” жетекчиси болот.

1998-жылдын башында Кореядан медициналык жабдууларды жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган, техниканы жеткирүү менен Medison Co. Ltd компаниясы алектенген. Келишимде Билим берүү министрлиги өкмөттүн атынан гарант катары чыккан. Ага ошол кездеги министр Аскар Какеев 1997 жана 1998-жылдары кол койгон.

Ошондой эле, Исманкуловго медициналык борбордун директору катары, кредиттик макулдашууга жана жабдууларды импорттоо үчүн бардык тиешелүү документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилген.

1999-жылдын май айында жабдуулар Кыргызстанга келе баштаган. Бирок «Интергоспиталь» расмий түрдө ачылбай, кагаз жүзүндө гана болгондуктан, медициналык аппараттар №6 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилип, Исманкуловдун көз микрохирургиясы жеке борбору тарабынан кабыл алынган.

КУУнун мурдагы ректору Алтай Бөрүбаев ошол жылдарды эскерип, ал жабдыктарга айына 900 миң доллар төлөш керек экенин, ал тургай университеттин менчигинде эмес экенин билгенде таң калганын эскерет.

Мен анда: “Техниканы университеттин балансына кабыл албагыла” дегем. Техниканын бардыгы Исманкуловдун “Көздүн микрохирургия” госпиталына жеткирилген”, — деп эстейт Бөрүбаев.

Ошол жылдары университеттин дагы бир жогорку даражалуу кызматкери белгисиз бойдон калууну каалап, «ПолитКлиникага» КУУ ай сайын мындай акча төлөй албай тургандыгын айткан.

«Насыя өтө жогорку үстөк менен алынган – үч пайыз. Бул ойго келгис насыя болчу«, — деди ал.

Ошондон кийин 1999-жылдын күзүндө КУУ «Интергоспиталдын» негиздөөчүлөрүнүн курамынан чыккан, ал эми кредит боюнча милдеттенмелер «Интергоспиталь» медициналык борборуна калтырылган. Техниканы алган учурда анын директору Исманкулов болгон.

“Аппаратуранын үчтөн бир бөлүгү менде калган. Калганын өкмөт алган”, — деди “ПолитКлиника” медиасына Алмазбек Исманкулов.

Териштирүүлөрдүн башталышы

Ошол эле 1999-жылдын күзүндө өкмөттүн жыйынында тергөө органдарын бул ишти териштирүүгө тартуу чечими кабыл алынган.

Ошол кездеги премьер-министр Амангелди Муралиев токтомго кол коюп, анда Билим берүү, илим жана маданият министрлиги «Интергоспиталга» 8,5 миллион доллар насыя алуу үчүн “эксперттик баалоосуз жана тиешелүү органдар менен макулдашуусуз»  кепилдик бергенин билдирген.

Андан кийин премьер-министр Каржы министрлигине жана Башкы прокуратурага бир айдын ичинде Билим берүү, илим жана маданият министрлиги тарабынан берилген кепилдиктер канчалык мыйзамдуу жана негиздүү экендигин иликтөөнү тапшырган.

Ал эми жаңы билим берүү министри Турсунбек Бекболотов Mеdison Co. Ltd корей компаниясынан министрлик берген кепилдиктердин түп нускасын көрсөтүүнү суранган.

Компания бул документтерди министрге жөнөткөн-жөнөтпөгөнү белгисиз, бирок ошол эле катында Бекболотов мындай кепилдиктерди каржы министри гана бере алат деген мыйзамга таянып, аларды сыртынан “мыйзамсыз” деп атаган.

Өкмөт менен КУУ «Интергоспитал» ЖЧКсы үчүн кредит төлөөдөн баш тартуу аракетине карабастан, андан аркы окуялар кыргыз бийлигинин пайдасына болгон эмес.

2004-жылы кореялык Арбитраждык палата КУУну насыяны төлөө үчүн жооптуу деп табат. Ал эми мурдагы билим берүү министри Какеевге жана окулист Исманкуловго карата кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш токтотулган.

Бирок насыяны төлөө маселеси ондогон жылдардан бери чечилбей келет. Бул убакыт ичинде Кыргызстан эки революцияны жана өкмөттүн сансыз алмашуусун башынан өткөрдү. Бирок насыяны жана анын үстөк пайызын төлөйүн деген адам жок.

Жаңы бурулуш

2015-жылдын башында КУУнун ректорунун милдетин аткаруучу Эрмек Усекеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз менен кайрылат.

Башында каржы полициясы кылмыштын курамы жок болгондуктан ишти козгоодон баш тартат, бирок бир жылдан кийин жооптуу адамдардын иш-аракеттеринде «алдамчылык» белгилери бар экендигин жарыялап, ишти кайрадан козгойт.

Бирок бул иш бир жылдан ашык жашабайт — бир нече айдан кийин, тагыраагы 2016-жылдын ноябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту өндүрүштү токтотуп, Исманкуловду кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу чечимин чыгарат.

Андан соң Кореялык соода камсыздандыруу корпорациясы КУУнун кредитин төлөө жөнүндө Арбитраждык палатанын чечимин таануу жана мажбурлап аткаруу өтүнүчү менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылат. Бирок кыргыз соту маселени кароосуз калтырган.

Университет буга макул эмес. КУУнун юристи университет насыяга алынган жабдууларды албай, тескерисинче, «Интергоспиталдын» негиздөөчүлөрүнүн курамынан чыккандыктан, алар насыяны төлөбөй тургандыгын түшүндүрүүдө.

Бул маселени чечүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү Кыргызстанда кезектеги бийлик алмашкандан кийин гана пайда болгон. Жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловду жоопкерчиликке тартуунун таңуулоочу жана талаштуу жолдоруна аракет кылды.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев «ПолитКлиникага» берген маегинде Кыргызстан Кореядан чечилбеген чыр-чатактан улам насыя ала албай тургандагын ырастады.

булак: pk.kg