Домой Коом Бишкектиктер эми электрондук айдоочулук күбөлүктөр менен жүрүп калышы мүмкүн

Бишкектиктер эми электрондук айдоочулук күбөлүктөр менен жүрүп калышы мүмкүн

42

 Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук айдоочулук күбөлүктү ишке киргизүү боюнча долбоор иштеп чыкты. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта  айдоочулук күбөлүктөн сырткары автоунааны каттоо күбөлүгүн да электрондук форматка өткөрүү пландалып жатканы айтылат.  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы көмөктөшмөкчү. Пилоттук программа ишке ашып калса, унаа ээлери айдоочулук күбөлүк менен транспортун каттаткан күбөлүктүн электрондук түрүнө мобилдик тиркеменин жардамы менен өтө алышат — деп айтылат маалыматта. Бул  долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен акча каражаты талап кылынбайт.