Баш мыйзамдын жаңы долбоорун азырынча коомчулук кѳрѳ элек.
Садыр Жапаров ѳз ишин эң алгач Конституцияны ѳзгѳртүүдѳн баштады десек болот. Ал башкаруунун президенттик формасын колдоорун ачык эле билдирип келет. Ошондой эле Жапаров, Жогорку Кенештин депутаттарынын санын кыскартууну туура кѳрѳѳрүн билдирген. Аны менен катар шайлоо күрѳѳсүн жана босогосун ылдыйлаткан мыйзамга кол койду. Баш мыйзамга ѳзгѳртүүлѳр жакынкы күндѳрү коомчулукка ачыкталаары айтылууда.
Садыр Жапаровдун Нарын областы боюнча шайлоо штабынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов жогорудагы демилгелерди колдоорун билдирген, себептерин журналисттерге тѳмѳндѳгүчѳ түшүндүрдү.
– Кыргызстанды кезектеги конституциялык реформа күтүүдѳ. Парламентаризмге толук кандуу жете элек жатып кайрадан артка, башкаруунун президенттик формасына кайтуудабыз. Коомчулук ара ойдо: бир четинен күчтүү башчыга муктаждык чоң, экинчиден абсолюттук авторитаризм орноп калабы деген кооптонуу бар.
– Парламент кѳз карандысыз жана сапаттуу болушу үчүн жаңы Конституцияга кандай механизмдер киргизилиши керек?
– Бул суроого жооп берээрден мурда, мени принциби жок деп күнѳѳлѳп жаткандарга жооп берип коеюнчу. Мени дароо эле «бут кийимин» алмаштыра салды дегендер кѳп болууда. Алардын айтымында ар дайым парламентаризмди колдоп келген Шыкмаматов президенттик башкаруунун колдогон үгүтчүгѳ айланыптыр.
Мен кѳз карандысыз күчтүү парламенттин тарапкери болгонмун жана келечекте да парламентти бийликтин бир институту катары колдоймун. Бирок, мен акыркы шайлоо кампаниясынын жүрүшүндѳ республиканын баардык аймактарын кыдырып чыктым. Аймактагылар менен жолугуп, ѳз кулагым менен угуп келдим. Моюнга алышыбыз керек: эл бийликтин жоопкерчиликтүү болушун, чыныгы лидер келип, стабилдүүлүк орноп жана туруктуу өнүгүү болушун каалап жатат.
Элдер тилекке каршы, күчтүү жана жоопкерчиликтүү сапаттарды парламенттен, депутаттардан кѳрѳ алышкан жок. Ошон үчүн Президентти негизги фигура кѳрүп, ѳнүгүүнү дептуттардан эмес ѳлкѳ башчыдан күтүшүүдѳ.
Калк парламенттик шайлоодо добуштарын массалык түрдѳ сатышты, анын негизги себеби: депутаттарды тандоо – бул ѳздѳрүнүн келечегин тандоо деп кабыл алышкан жок.
Мунун баары жарандардын түшүнүгүнүн жоктугунан эмес. Жок, эл баарын кѳрүп турат – баарын билет. Партиялар шайлоо алдында гана шашылыш түзүлѳ калаарын, парламент, айрыкча акыркы – VI чакырылыш «Ак үйдүн» марионеткасы болгонун тушүнүп эле турат. Ѳзүнүн позициясына бекем туруп, моюн сунбай койгон депутаттар болсо саясий куугунтукка кабылып жатышты. Андай бийликке жакпаган, тайманбас депутаттарды камап салышты. Ал эми, чимкирик, кошоматчы депутаттар президент жана анын командасы тарабынан күчтүү иммунитетке ээ болушту.
– Кандай механизмдер президенттик башкаруу формасындагы республикада, парламентти күчтүү кыла алат? Конституцияда эмнелер так жазылышы керек?
– Биринчиден, эн негизгиси депутаттарга кол тийбестик берилиши керек. Андай десек, кээ бироолор толук түшүнүп – түшүнбөй эле, – бул популизм деп киришет. Депутаттарга кол тийбестик берилсе ѳлкѳ кылмышкерлер жана коррупционерлерден куралган депутаттык корпуска ээ болот деп кыйкырып чыккандар болот. Депутаттар дагы катардагы жарандардай эле мыйзам алдында бирдей жооптуу болушу керек дешет. Бирок, ошол эле кезекте коомчулук Жогорку Кеңеш кѳз карандысыз болуусун, президенттик аппаратка кылчактабай чечимдерди кабыл алуусун талап кылып келишет. Парламент президенттик аппараттын депутаттарды кысымга алууга эч кандай “рычагдары” болбосо жакшы иштемек. Депутаттар менен саясий эсептешүү деген болбошун, ошондой эле 7-кабаттагылар ѳздѳрү каалагандай добуш берүүгѳ мажбурлабашын каалашат. Качан гана депутаттарда кол тийбестик болгондо, Жогорку кеңештин оппозициядагы мүчѳсүнѳ кылмыш ишин козгоп, соттоп, камап салбайт дегенге кепилдик болот. Толук кандуу бийликтен кѳз карандысыз депутаттар гана коркпой-үркпѳй добуш бере алат. Мына ошондой шартта гана депутаттар парламентти күчтүү, эч кимден кѳз карандысыз бийлик бутагына айланта алат.
Байыркы Рим алгачкылардан болуп депутаттарга кол тийбестик беришкен, андан кийин англичандар анткени, алар маселени тамырынан түшүнүшкѳн.
Күчтүү оппозиция – бул кѳз карандысыз парламенттик корпус, Конституция коргогон жарандык сектор жана эркин жалпыга маалымдоо каражаттары. Мына ушул жагдайлар ѳлкѳнун ѳнүгүүсү үчүн маанилүү!
Айта кетчу жагдай, Венеция комиссия депутаттардын кол тийбестигин эл ѳкүлдѳрүнѳ кысымга каршы механизм катары колдошот.
– Кол тийбестик берилгенден кийин байлыгын коргош үчүн олигархтардын, базаркомдордун жана коррупционерлердин, кылмыштуу иштерге шектелген фигуранттардын мандат үчүн күрѳшү башталбайт дегенге кепилдик барбы?
– Ага бѳгѳт коючу механизм катары преференциалдуу добуш берүү системасы атасак болот. Пропорцианалдуу-можаритардык система киргизилсе шарттуу түрдѳ талапкерлердин тизмелери ачык кѳрсѳтүлсѳ, идеалдуу вариант болот. Ошондо ѳздѳрүнүн округдарында бир мандаттуулар сыяктуу партиядагылар ѳздѳрү үчүн чуркай алышпай калышат. Алар партиянын идеялары, программасы тууралуу айтып үгүттѳп калышат. Ал эми партиянын лидерлери алдынкы тизмеде туруп бирок, парламентке илешпей кала турган мүчѳлѳрүн паровоз кылып сүйрѳй алышпайт.
– Дагы кантип диктатуранын орношун алдын алып, парламентти бекемдесе болот?
– Мен жогоруда айтып ѳткѳндѳй биз бийликти кѳчѳнүн күчү менен алмаштырып – диктатурага каршы үч жолку «эмдѳѳдѳн» ѳттүк. Баары, Садыр Жапаров дагы, бул сапар-биздин акыркы шансыбыз экенин түшүнүп турат. Дагы бир революцияны Кыргызстан кѳтѳрѳ албайт. Бул биздин мамлекеттүүлүгүбүз үчүн абсолюттук дефолт болот.
Бийлик системасында баланс болуш үчүн мен президентти парламентти таратуу укугунан ажыратып, ал эми парламентке президентке импичмент жарыялоо укугун калтырмакмын.
Алдыда дагы митингдер болбошу үчүн күн-түн иштеш керек, ошондо калк жашоонун ѳзгѳргѳнүн сезмек. Бийликти сактап калуунун эки гана жолу бар: күч түзүмдѳрүнүн жардамы менен коомду «бычактын мизинде» кармоо, же элдердин жашоосун жакшыртуу менен. Биринчисин биздин эл кабыл албайт, демек вариантсыз – экинчиси гана бизге жарашат.
Булак: Алмамбет Шыкмаматов менен 24.kg агенттигинин маегинин орусчадан котормосу