Бишкек шаарында Баш мыйзамга каршы митинг болот. Бул тууралуу уюштуручулар маалымат таратышты:
«Коомчулуктун кайдыгерлиги Конситуциянын жаңы редакциясына терс таасирин тийгизип жатат. Эгер мындан ары ушундай боло берсек, өлкөнү башкаруу формасы өзгөрүп, сөз эркиндиги жана адам укугу чектелет. Аны үстүнө бул демилгени мөөнөтү бүткөн жана легитимсиз парламент көтөрүп жатат. Референдум менен президенттик шайлоону бир күндө, 10-январда өткөрүү эч бир акылга сыйбас көрүнүш. Ошондуктан «Башта» коомдук кыймылы баардык күчтөрдү биригүүгө чакырат»-деп жазылат билдирүүдө.
Жөө жүрүш 22-ноябрь күнү саат 12:00 дө Темир жол вокзалынан башталып, акциянын катышуучулары Эркиндик гүлбагы менен төмөн Жогорку Кеңештин имаратына чейин басып келишет.