Домой Криминал 4 адам өлгөн жол кырсыгы: депутат Абжалиевдин уулу жоопко тартылган жок

4 адам өлгөн жол кырсыгы: депутат Абжалиевдин уулу жоопко тартылган жок

109

Ысык-Көл райондук соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун катышуусундагы жол кырсыгына байланыштуу кылмыш иши боюнча чечим чыгарганы маалым болду. Жол кырсыгына себепчи BMW X7 унаасынын айдоочусу Эльдияр Халмурзаевге сот амнистия берип, жоопкерчиликтен бошотту. Айрым ЖМКлар Эльдияр Халмурзаев өспүрүм баланы багып алгандыгы үчүн, сот ага амнистия колдонгонун жазышты .

Ал эми Жогорку кеңештин депутаты, Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан бул иш боюнча жоопко тартылган жок. Болгону күбө катары гана өтүп жаткан.

Жалпыга маалым болгондой: 2019-жылы Ысык-Көл районунун Бактуу-Долонотуу айылында үрөй учурган жол кырсыгы катталган. ЖК депутаты Абжалиевдин уулу Токобековдун BMW X7 жол тандабас унаасы менен Lexus жеңил унаасы сүзүшүп, натыйжада төрт адам каза болгон.