Домой Криминал Бишкекте аялды 3,500 доллар карызы үчүн өлтүрүп салган адам кармалды

Бишкекте аялды 3,500 доллар карызы үчүн өлтүрүп салган адам кармалды

56

Октябрь райондук милициясы бул кылмышка шектүү 1989-жылы туулган адамды кармады.  Ал Бишкектин 7-кичи районунда жашаган 1988-жылы туулган аялга  карызын  (3,500 доллар)өндүрүү үчүн барган. Экөө жолугушкан соң,  уруша кеткен. Эркек биринчи аны муунтуп, андан соң бычак менен кокосуна сайып жиберген. Маркум  аял көпкө жумушка барбай, дайыны  чыкпай калгандыктан аны издегендер 8-декабрда милицияга кайрылган. Милиция анын жашаган батирине келип, аялдын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү бат эле кармалып, окуя кандайча болгону тууралуу көрсөтмө берген