УКМК Жер ресуртары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботобаевди кармады. Буга чейин АКС Жер ресурстары агенттигинин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын директору Абдумуктар Маматовду кармаган. УКМКнын маалымат кызматы ал тууралуу: » аталган ишкананын жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча жыйнап туруктуу негиздеги коррупциялык схема түзгөнү белгилүү болгон.» — деген маалымат тараткан.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча сотко чейинки өндүрүш ачып, иликтөөнүн алкагында системалуу түрдө акча жыйноо фактысына тиешеси бар адамдарды аныктаган. Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 2-декабрда, Абдумуктар Маматов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ботобаевдин кармалышы да ушул ишке байланыштуу болушу мүмкүн…Ал бул кызматка өткөн жылдын сентябрь айында дайындалган.