Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомшев кол койду.
Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.
БИЛИМИ:
1986-1995-жж Орто мектеп.
1995 – 1999-жж Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси.
1999 – 2000-жж Египет мамлекети, “Университетке даярдоо курсу ”
2000 – 2003-жж Аль Азхар Ислам институту.
2003 – 2007-жж Аль Азхар Ислам университети, «Дин негиздери»
2008 – 2010-жж Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр»
ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
2007-2008-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.
2008 -2010-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор.
2010 – 2011-жж Нарын облусунун казысы.
2011 -2016-жж Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.
2016- 2017-жж Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.
2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.