“Эзилип бүттүм” ыры акыркы учурдагы популярдуу чыгармалардын катарын толуктады. Аталган ыр далай жаш таланттардын багын ачты десек дагы жаңылбайбыз. Бул чыгарма акыркы убакта элдик таланттардан тарта белгилүү шоу ырчыларына чейин сүймөнчүккө айланып, ырдалып, угулуп жүрөт. Мындан улам SUPER.KG порталы бул ырдын текстинин, обонунун автору Бекжан Темирханов менен байланышып, ырдын жаралуу тарыхы тууралуу сурап, кыска маек алды.
—Саламатсызбы, Бекжан. Ден соолугуңуз жакшыбы?
— Саламатсыздарбы, чооң рахмат, баары жакшы.
— Алгач эле, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?
— Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар деген айылынан болом. 1996-жылы төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусумун. Азыркы учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде 3-курста окуйм.
— «Эзилип бүттүм» ыры далай жаш таланттын багын ачты көрүнөт, ыр кандайча жаралып калды эле?
— Ооба, буюрса көп таланттар ырдап жатышат, чыгарма ийгиликтүү болду (ред. күлүп). Ал эми ырдын жаралуу тарыхына токтоло турган болсом, мындан 3 жыл мурун сүйлөшкөн кызым менен таарынышып кеткенбиз. Экөөбүз эки ажырым жолго түшкөндө ошондогу кайгыдан улам жаралган чыгарма десем болот. Баягы адам менен таарынышып кеткенде жакшы жактарын көп эстейсиң го, көп ойлонуп жүрүп ошондон улам жазылган. Анан эми убакыт сааты быйыл келип, 3 жылдан соң чыгып отурат.
— Чыгармачылыкка белди бекем бууп киришкен окшойсуз, учурда кандай иштер менен алек болуудасыз?
— Быйыл буюрса Талант Сагынбаев аттуу кыйын продюссер менен иштешип жатам. Учурда клип тартып, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буга чейин карантин дагы бир аз кесепетин тийгизди окшойт, иштерибиз жай жүрүп калды. Алдыда жакшы максаттар бар, четинен ишке ашыруудабыз.
— Буга чейин дагы ыр жазып, обон чыгарып жүрсөңүз керек ..
— Ооба, буга чейин “Карындаш”, “ Периштем” аттуу чыгармаларга обон жазып, элге тартуулагам. Буюрса алдыда дагы чыгарабыз.
— Аталган ырдан кийин сизге колдоо көрсөтөм деген инсандар болдубу?
— Колдоо көрсөтөм деген инсандар мен шишкебек бышырып жатып ырдаган видеом тарагандан баштап боло баштады. Аны мен ырдап жатканда дос балам тартып алып, өзүнүн Инстаграм баракчасына жайгаштырып коюптур, ыр ошентип тарап кеткен. Колдоо көрсөтөм деген чет жактан дагы эже, байкелер болду. Балким келечекте иштешип калабыз. Азыр болсо продюссер анан менеджер менен гана иштешип каржылык жагын дагы алар чечип жатышат.
—Толкунбек Курманбеков кандайча ырдап калган сиздин ырды? Достугуңар жөнүндө айта кетсеңиз ..
— Мен Толкунбек деген инимди ушул ыр аркылуу тааныдым. Ал ырдагандан кийин мага интернеттен жазып, сүйлөштүк. Таланттуу, түшүнүктүү бала экен. Ал иним Москвада жүргөнгөбү элдин баары мени да чет жерде деп ойлошот экен. Биз болсо бул жакта элебиз (күлүп).
-Маегиңизге рахмат! Иштериңизге ийгилик!
-Сиздерге дагы чооң рахмат!
Булак: SUPER.KG