Домой Коом Бишкек дүйнөдө абасы булганган шаарлар боюнча биринчи орунга чыкты

Бишкек дүйнөдө абасы булганган шаарлар боюнча биринчи орунга чыкты

41

Дүйнөдөгү шаарларда абанын булгануу деңгээлин күнү-түнү аныктап турчу “AirVisual” тиркемесинде Бишкек алдыңкы сапка чыкканы маалым болду.

Кыргызстандын баш калаасынын абасы 20-ноябрда эң көп булганып, ондогон шаарлардын арасында биринчи орунда турду. 21-ноябрда Индиянын Дели шаары биринчи, Бишкек экинчи орунга түштү. Андан ары Кабул (Ооганстан), Калькутта (Индия), Лахор (Пакистан) жана башка калаалар турат.

2019-жылдын ноябрь айында да Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири аталган. Айлана-чөйрөнүн абалын шаарларга орнотулган «Airnow» жабдуусу аныктайт.

аАбнын кирдешине автоунаалардын газы, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп болору айтылып келет