Домой Дүйнөдө Экс-президенттин аялы коронавирустан каза болду

Экс-президенттин аялы коронавирустан каза болду

72

Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисяндын аялы Рита Саркисян 20-ноябрда коронавирустан каза болду. Ал 1962-жылы Тоолуу-Карабакта төрөлгөн. Рита Саркисян 16-ноябрда оор абалда ооруканага жеткирилген.

Серж Саркисян дагы Тоолуу Карабактан болот. Ал 2008-2018-жылдары Армениянын эки жолку премьер-министри жана өлкөнүн үчүнчү президенти болгон.

Былтыр жыл аягында өлкөнүн Атайын тергөө кызматы Серж Саркисянга коррупция боюнча айып таккан. Анда 2013-жылы уурдалган акча фермерлерге күйүүчү май алууга жумшала турганы айтылган. Саркисян күнөөсүн мойнуна алган эмес жана саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Саркисян 2018-жылы «баркыт ыңкылабынан» улам бийликтен кеткен жана анда бийликке Никол Пашинян келген.