Атамбаевдин тарапташтарына аны колдоп коштогондорго катуу чара көрүлө баштагандай. Алга Кылычовду жана Темирлан Султанбеков, Эрмек Окенов, Амантур Жамгырчиевди бүгүн ИИМге алып келишти. Азырынча аларга кандай доомат коюлганы белгисиз. Бирок, азыркы бийлик Атамбаевчилерге репрессияны катуу баштагандай. Болбосо, Атамбаевди эле камап, аны суракка алып, башкаларын жайына коймок. Сыягы, бул аракеттери менен Атамбаев үчүн жан тартып чыга турган болсоңор, бирди көрөсүңөр деп башкаларга сабак кылганы жатат окшойт.