-Камила эже, Кой-Таштагы окуяга бийлик жоопкер болушу керекпи же бийликтин шартына көнбөгөн Атамбаев жооптуубу?
-Кой- Таштагы окуяга эң оболу Атамбаев жоопкер. Биринчиден, элди шит кылып, чогултуп албаш керек болчу. Ал жерге барган ар бир жаран Биздин жаран, алардын коопсуздугуна кепилдик берүү жагы да Атамбаевдин мойнунда экенин сезип, элди таратыш керек эле. Экинчиден, бийлик да жоопкер, ушундай башаламан абалга жеткирбей, шалаакылык кылбай, мыйзамдын күчү менен тергөөгө алып келиши керек эле.
Кой- Таштагы “концертти” токтотуш керек эле. Бул жерден бийлик алсыздыгын көрсөтүп туруп алды.
—Неге Атамбаевди кармоого атайын бөлүктүн кызматкерлери куралчан барып, анан тарапташтарына кол салышты?
-Бийликтин спецоперациясы дейбизби, атайын штурм дейбизби, эмне болгон күндө да дагы бир жолу өтө уят болушту, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, генералдары өздөрүнүн кесипкөй эмес экендиктерин даана тастыктап коюшту.
Чаламандын чак түшүндө барып, өтө орой жол менен, элге кандай ок болсо да, ок атышканы эч бир акылга сыйбаган операция болду. Бул операцияны кайсы профессионал адистер пландаштырды, эмнеге мындай алешемдикке жол беришти, бул да өзүнчө чоң маселе. Күч түзүмдөрү кимге иштеп жатат деген да ойлор жаралууда. Же атайын ушундай операцияны атайын жасап, президентти элге жаманатты кылыш максат болгонбу айтор, суроо көп, жооп жок.
-Бийлик Атамбаевди күч колдонуп кармайбыз деген аракети менен абалды курчутуп алган жокпу?
-Албетте, абалды курчутуп алышты, эми бул абалдан камырдан кыл суургандай, ың- жыңсыз чыгып кетүү да чоң чеберчиликти талап кылат. Эл болуп көрбөгөндөй ынтымакка келип, толеранттуулук менен туңгуюктан жол издеп, кыргыздын нарк- насилин, улуу салтын туу тутуп, аксакалдар, билермандарды угуш керек. Бийликке ишеним жок болуп турат. Андыктан, тез арада Элдик өкмөт тузулуп, ситуацияны колго алууга жардам бербесе кырдаал курчуп кетиши толук мүмкүн.
—Атамбаевдин тарапташтары бербей койду деп бийлик тынчып калабы же мындан ары да зөөкүрлүгүн улантып, күч колдонуунну башка ыкмаларын пайдаланышабы?
-Атамбаевди тарапташтары бербей койду деп, күч колдонуп көрдү го, ал эмнеге алып келди, кырчындай өмүр мерт кетти. Кара күч менен, курал колдонуу менен маселе чечилбейт. Эми, бийлик куру намысты жыйыштырып эле, оппозициямын деген тарап менен бир столго отуруп, сүйлөшүүгө баруусу керек. Атамбаевге өз керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, элди шит катары пайлаланып коюудан баш тартышын , эртең мунун баарына өзү гана жоопкер экенин түшүндүрүү керек.
Күч колдонууну тез арада токтотуу зарыл, токтотпосо, аягы жаман бүтүп калышы толук ыктымал.
—Каза болгон аскер кызматынын жана жараат алгандардын жоопкерчилигин кайсыл тарап тартышы керек?
-Бул жерде эки тарап тең бирдей жоопкер. Мыйзам иштесе, бийлик тараптын да күч түзүм жетекчилери кызматтан четтетилип, жоопко тартылышы керек.
булак, фабула