Боордош казак элинин белгилүү дин аалымы Абдугаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Смановдун кесиптештери маалымдашты. Азырынча Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары аалымдын эмнеден улам каза болгонун жазыша элек. Бул тууралуу Чубак Жалилов да расмий баракчасына билдирүү жазып чыкты. «Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Таалам Абдугаппар бир тууганыбыздын барган жерин бейиш кылсын! Кудай жолунда кылган эмгектерин Кудайым өзү кабыл кылсын! Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Даават сапарларында бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. Кудай Таалам жаткан жериңизди Бейиштен кылсын!», — деп жазат Жалилов. Абдыгаппар Сманов 1970-жылы февралда Түркстан облусунун Сарыагаш районунда туулган. 1990-1994-жылдары Бекабаддагы (Өзбекстан) «Магрифат» медресесинде диний билим алган. 1994-жылдан бери ал “Таяк ишан” мечитинин башкы имамы жана мечиттин жанындагы медресенин окутуучусу. 2010-жылдан 2016-жылга чейин Сарыагаш медресе-колледжинин директорунун орун басары, 2016-жылдын декабрь айынан баштап аталган колледжинин директору болуп иштеген.
Булак: Супер