Домой Коом ЖКнын кызматкери тойканасын оорукана катары пайдаланууга берди

ЖКнын кызматкери тойканасын оорукана катары пайдаланууга берди

3596

Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Базарбай Мусабеков чайханасын  COVID – 19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн госпиталь катары колдонууга бере тургандыгын билдирип, социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Өзү менен байланышканыбызда, кыйын учурда элге жардам болсун деген максатта ушундай чечим кабыл алганын айтты.

“Чайхана Алматинcкий көчөсү менен объездной жолдун кесилишинде жайгашкан. 300 адамга эсептелип салынган. Эл үчүн салынган тойкана эле, калк башына кыйынчылык келгенде госпиталь катары калк үчүн берейин деп атам”, – дейт Мусабеков.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министрлигине чалып сүйлөшкөнүн, алар макул болгонун билдирди.

Ошондой эле буга чейин   да бир имаратын COVID – 19 илдетине каршы күрөштө колдонуу үчүн бергенин да кабарлады.