Баткенде күйөөсүнүн ур-токмогунан качып, үйдөн дайынсыз кеткен келин алты күндөн кийин табылды. Бул тууралуу анын апасы кабарлады.
Келин өзүнө келгенче бейтааныш аялдын үйүндө жашынып жүргөнүн билдирди.
Күйөөсү зомбулук көрсөтпөгөнүн айтууда.
Келиндин апасы кызы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, дайынсыз болуп жатканын айтып милицияга 16-январда кайрылган болчу.
Жабыркаганын айткан келин учурда Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жатат.
Ал “Азаттыкка” күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, үйдөн качып чыкканын айтып берди. Бул фактыны милиция тастыктады.
22-январда келин жергиликтүү ички иштер мекемесине арыз жазды. Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «ден-соолукка жеңил зыян келтирүү» деп катталды.
Териштирүү жүрүп жатат.
2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.