Домой Саясат Парламентке кайрадан ушулар келеби?

Парламентке кайрадан ушулар келеби?

103

Ааламдашуу дооруна келип калдык, ошонун талабынан артта калбашыбыз керек деп эле добулбас кагып калдык. Ооба, отуз жыл мурдагы абалды азыркы менен салыштырууга болбойт. Анткени ошондо жарык дүйнөгө келгендер азыр отуздун кырынан ашып, мамлекеттин негизги күчүнө айланышты. Ал эми алтымыштан ашып калгандар болсо акыркы жылдарындагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калууга умтулууда. Эски элитанын тобуна кирип калгандарды дале болсо артка сүрүп таштабай, кайра эле бийлик бутактарына отургузуп, маңдайынан сылап жатышат.

Мейли, эгерде алар өлкөнүн зоболосун көтөрүүгө салымын кошуп жатышкан болсо талаш жок. Тилекке каршы жетимиштин ырыскысын жеп жаткан Тажикстандагы элчи Жаныш Рүстенбековдон кандай майнаптуу жыйынтыкты күтөбүз. Ал болгону өзүнүн гана кызыкчылыгын жогору коет эмеспи. Ошол эле Азимбек Бекназаровду эмнеге Малайзияга кудалап жиберишти элчиликке? Башка татыктуу талапкердин жоктугунан эмес да, туурабы? Чыкыйга бара мык кагууга жараган жаш кадрларды табууга мүмкүнчүлүк деле бар болчу. А бирок, Азикең өзүнө тагылган “милдетти” куп аткарып жатат кетер алдында.

Арийне, чычкан жылынын башында эле көп олуттуу окуялар жайгап өттү. Эми анын эпкини элге анчалык деле таасирин тийгизбеди. Антсе да саясий айдыңда кеп кылууга арзыйт дечи. Негедир шайлоонун жылга-жыбырты акырындык менен күүгө келе баштады. Саны бар, сапаты жок партиялардын карааны көбөйүптүр. Жарым жылдын тегерегинде эле дагы он беш партия “ыңаалап” жерге түшүптүр. Алардын кимисинин дүбүртү чыгып, элдин бүйүрүн кызытаарын убакыт көрсөтөт. Бирок, бул партиялардын жетекчилерин көпчүлүк билбегени кызык болуп турат. Атым белгилүү болбосо да капчыгым калың деп көкүрөгүн кергендердин максаты бирөө-шайлоого жармашып кирип, мандат алуу. Анткени менен алардын дымагын шайлоочулар өчүрүп саларын да эске алуулары кажет.

Авангард партиялардын учурда деми кысылып турат. Ошол эле КСДПнын тагдыры эки айрылышта. Бир жагын эбак партиядан чыгарылган Сагынбек Абдрахманов чойгону менен анын кыймылынан майнап чыкпасы белгилүү. Биз толук кандуу партиянын ээсибиз деген “Атамбаевчилер” дагы санаага баткан кези. Анткени алардын “кемесин” чөктүрүп салууга бийликтегилер кызыктар. Үмүт акырында өлөт дегендей дале болсо аракеттин ысылыгы кайта элек. Ал тургай күндөн-күнгө күчөнүп баратышат булар. Толук актала элек Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекени” деле өкүрөңдөгөн кейпте турганы ырас. Белдүү мүчөлөрү ич келишпестиктен партиядан биротоло чыгып кетишти. Демек, кайра түзөлүүгө көп күч жумшоо зарылдыгы бар. Баса, Өмүрбек Бабанов партиясын өткөрүп берүүгө мажбур болду. Анын ордуна келген Мирлан Жээнчороевдин болсо дарамети чектелүү. Чыныгы “Бабановчулар” эми кимдин этегин кармаары деле туңгуюкта. Бакыт Төрөбаевдин дагын санаасы ойго салып турат. Ал өзүнчө шайлоого бара албайт. Сөзсүз бирөөгө жармакташып баруусу күтүлүүдө.

Акыркы убакта “Биримдик” деген партиянын даңазасы айланага тарап, ар кандай удургутма кептер чыгууда. Ырасында эле бул партиянын өзөгүндө укмуштай деңгээлдеги “элиталар” бар экендигин айрымдар өздөрү деле жашырышкан жок. Эң башында Марат Аманкулов турарын коомчулук билди. Андан кийинкилери да оңой эместер экен. Бийликтин колдогон партиясы экенин, шайлоодо алдыңкы орунду камсыз кыларын тарс эттире жазып жатышат. Бекер жерден жел жүрбөйт, чымын учса да кулакка угулат демекчи, азыр тизмелер толукталып, кимдер андан орун алары такталууда. Отуз орунга чейинкилер алда качан жайгаштырылып калганы калетсиз. Канат Исаевдин “Кыргызстан” партиясына да ашык болгондор ого эле арбын. Антсе да алдын-артын ойлоп иш кылгандар, бул партияга анчалык үзүлүп түшпөсө керек. Анткени лидеринин чама-чаркын, абройун билгендер таза партиянын эсебинен мандат алгысы келери турган иш. Ошентсе да эптеп парламенттин эшигине жетсем болду деген “чабандестер” ылгабай эле жандай беришээри шексиз. Теребелге кулак төшөсөк бул партиянын тизмеси да толуп баратат деген имиштер айтылат.

Негизинен бул жолку шайлоо өзгөчө түргө келээри эмитен эле байкалып калды. Биргелешип марага жетсек болот деген майда партиялар да ушул кезде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Айрыкча капчыгы жукалар катмарын калыңдатууга аракет көрүп жатышканы калп эмес. Эки жүздөн ашык партиянын он чактысы жармакташса деле “дөө партиялардын” чаңында калары маалым эмеспи. Анын үстүнө дымагы күчтүүлөр алда качан финансалык куржунун толтуруп алышкан. Каражат чечүүчү күчкө ээ экендгин эч кимибиз танууга чамабыз жетпейт. Ошентсе да жаңы күчтөрдүн, таза талапкерлердин келишине, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жетишүүгө салым кошоруна үмүтүбүз чоң. Кыргызстандын келечеги ар бирибиздин
жүрөгүбүздө турушу кажет.

Булак: «Ачык сөз»