Домой Коом Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди суракка чакырды

Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди суракка чакырды

12
Башкы прокуратура УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди суракка чакырды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал 2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөөнүн алкагында күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылган.
Ташиев 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын лидери болуп турган.
Белгилей кетсек, былтыр президент Садыр Жапаров Июнь окуялары боюнча материалдарды изилдеп чыгууну УКМКга тапшырган болчу.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400 адам анын курмандыгы болгон.